Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаңы шайланган жетекчилери үчүн окуулар өткөрүлдү

06.09.2021 12:23
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаңы шайланган жетекчилери үчүн окуулар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги 2021-жылдын 16-августунан 3-сентябрына чейинки аралыкта Чүй, Ош, Баткен, Нарын, Талас облустарынын жаңыдан шайланган айыл өкмөттөрүнүн башчылары, шаарлардын мэрлери жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары үчүн окууларды өткөрүштү.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: туруктуу өнүгүү жана жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар” аттуу окутуу программасы Хельветас уюмунун “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Жакында ушундай эле окутуу Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын жаңыдан шайланган айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери жана жергиликтүү кеңештин төрагалары үчүн да өткөрүлөт.