Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен жергиликтүү кеңештердин жаңы чакырылышынын депутаттары окуудан өтүштү

08.07.2021 14:57
ЖМК үчүн толук маалымат: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси: 0555 / 0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg
Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен жергиликтүү кеңештердин жаңы чакырылышынын депутаттары окуудан өтүштү

2021-жылдын 24-майынан 2-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында жергиликтүү кеңештердин миңден ашуун жаңы шайланган депутаттары үчүн эки күндүк тренингдер өткөрүлдү. Катышуучулардын билиминин өсүү динамикасы орто эсеп менен 51% ды түздү.

Жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) уюштуруучулук-укуктук жана финансылык-экономикалык негиздери, ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү, жергиликтүү кеңештин депутатынын укуктары жана компетенциясы, жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуу жана жергиликтүү кеңештин жергиликтүү жамаат алдындагы отчеттуулугу, жергиликтүү бюджеттик каражаттарды башкаруунун ачык-айкындуулугу жана натыйжалуулугу боюнча билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү тренингдердин негизги максаты болду.

Тренингдер Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлдү[1].

“Долбоордун жардамы менен 411 айылдык кеңештен жана Кемин шаарынан жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин 1052 депутаты окуудан өтүштү (шайлоо 420 айылдык кеңеште өткөн). 2021-жылдагы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын басымдуу бөлүгү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишмердүүлүктүн жаңы чөйрөсү болуп саналат, ошондуктан алар өз ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарып, жарандардын алдында өз ишинде ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү болушу үчүн кесиптик билимге муктаж. Укуктар менен катар, депутаттар бюджеттик процесстеги өз милдеттерин, ролун жана жоопкерчилигин, элдин, эркектердин жана аялдардын, жаштардын, калктын бардык катмарларынын муктаждыктарынын сөзсүз түрдө эске алынышын жана жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуунун маанисин түшүнүшү керек. Бул чакырылыш абдан өзгөчө. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу механизми биринчи жолу иштеди, ал бир жыныстагы адамдар арасында мандаттарды бөлүштүрүүдө 30 пайыздык квотаны берүү жолу менен, Кыргызстандагы аялдарга жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлануу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди. Гендердик теңчилик маселеси тренинг маалында да, жергиликтүү деңгээлде инклюзивдик өнүгүү маселелерин талкуулоо учурунда да каралды”, - деди Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.

Буга кошумча Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен Мыкты тажрыйбалар порталында (www.myktyaimak.gov.kg) жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн башка темалар боюнча онлайн окуулар уюштурулат. 

 

___________

[1] Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун күчөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу, коомдук финансынын ачык-айкын башкарылышын камсыз кылуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү максатында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш алып барууда. Толугураак маалымат: www.vap.kg.

Проект: