Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!

23.06.2021 09:12
Бул күн Кыргыз Республиканын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы N1 Жарлыгы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу максатында, ошондой эле 23-июнь – БУУнун Мамлекеттик кызматтарынын күнү деп жарыялаган БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын эске алуу менен түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери,
сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Мекенибиздин бардык аймактарында болуп, жер-жерлерде иш алып барган сиздер биздин өлкөнүн бардык элдери менен күн сайын баарлашасыздар, алардын күнүмүдүк керектөөлөрүн камсыздоого, аймактын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан жергиликтүү жана мамлекеттик маанидеги маселелерди күжүрмөндүк жана чыгармачылык менен чечим келесиздер.

Бул үчүн сиздерге терең ыраазычылык жана алкыш!

Биз сиздерге чың ден соолук, жеке турмуштагы бакыт жана Кыргызстандын элинин урмат-сыйына арзыган профессионалдык ийгиликтерди каалайбыз!  

Жакшы каалоо-тилектер менен,
Өнүктүрүү саясат институту.