«Эң мыкты айыл өкмөтү» наамы ыйгарылды

30.11.2020 18:19
«Эң мыкты айыл өкмөтү» наамы ыйгарылды

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүлүп келет.

Негизинен сунуштар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2013-жылдын 9-апрелинде № 181 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын негизинде сынак комиссиясы тарабынан айыл өкмөттөр эки топко бөлүнүп: 1- топко — жетүүгө кыйын, тоолуу жана чек арада жайгашкан айыл өкмөттөр, 2- топко — биринчи топ менен салыштырганда шарттары жакшы айыл өкмөттөр кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 381-б буйругу менен 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын конкурстук комиссиясынын чечими бекитилип, 6 айыл өкмөт «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына ээ болуп, жеңүүчүлөргө байгелер каралган. 

Биринчи топтун арасынан:

экинчи топтун арасынан: