Кызыл-Адырдагы (Талас облусу) жаштардын инновациялык лабораториясы

17.11.2020 16:14
Талас облусунун Кара-Буура аймагындагы Кызыл-Адыр айылындагы Манас орто мектебинде инновациялык лабораториянын ачылышы болду.
Кызыл-Адырдагы (Талас облусу) жаштардын инновациялык лабораториясы

Бул лаборатория Кара-Буура аймагынын жаштары үчүн түзүлгөн жер. Бул жерде алар чогулуп, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болуп, өз жамаатынын көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүнөн иштешет. Жаңы, ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жаштар үчүн көйгөйлөрдү талкуулап, түрдүү ийримдерди өткөрүп, социалдык демилгелерди киргизүү аркылуу өз айылынын көйгөйлөрүн чечүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Кара-Буура аймагынын балдары жана жаштары өз колу менен тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү инновациялык лабораториянын базасында өткөн биринчи символикалык иш-чара болуп калды. Сүрөттөр конкурсунун максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кеңири коомчулуктун көңүлүн балдар менен жаштарга таасирин тийгизип жаткан жамааттагы маселелерге, ошондой эле муниципалитеттердин деңгээлинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу боюнча аларда активдүү позицияны өркүндөтүү. “Жамааттагы көйгөйлөр балдардын жана жаштардын көзү менен” аттуу конкурстун темасы балдардын жана жаштардын жамааттагы ролуна жана алар жергиликтүү жамааттын бөлүгү болуу менен туш болгон көйгөйлөргө көз карашын билдирүүгө үндөйт. Конкурстун калыстар тобуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мектептердин, долбоорлордун өкүлдөрү кирди. Калыстар тобу өзгөчө кызыктуу эмгектерди тандап алып, инновациялык лаборатория ачылган күнү мыкты эмгектердин авторлору баалуу байгелер менен сыйланды.

Мындан тышкары келечекте бул лабораториялардын базасында жамааттын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган жаштардын демилгелерин (социалдык долбоорлорун) ишке ашыруу боюнча иштер жасалат. Кара-Буура аймагынын жаштар командасы өспүрүмдөрдөн турат. Алар бардык зарыл материалдарды алышып, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө инновациялык ыкмаларды колдонууга даяр турушат. Социалдык көйгөйлөрдүн арасында балдарга карата зомбулук, окуучулардын таза сууга жете алуусу жана экология, таштанды көйгөйлөрү бар. Кара-Буура аймагындагы жаштар командалары бул маселелерди чечүү үчүн түрдүү ыкмаларды сунуштап жатышат.

Жаштар командаларынын идеялары өз айылындагы түрдүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Кызыл-Адыр айылында инновациялык лабораториянын ачылышы жана көптөгөн жаштардын демилгелерин каржылоо “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгесининин арты менен мүмкүн болду. Бул демилгени Өнүктүрүү саясат институту БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте ишке ашырып келатат. Долбоорго финансылык колдоону БУУнун Тынчтыкты орнотуу фонду (ТОФ) берет.

Проект: