Кызыл-Кыядагы (Баткен облусу) жаштардын инновациялык лабораториясы

12.11.2020 13:29
Кызыл-Кыя шаарынын жаштарында чогулуп, жаңы көндүмдөргө жана билимге ээ болуп, өз жамаатынын көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүнөн иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Кызыл-Кыядагы (Баткен облусу) жаштардын инновациялык лабораториясы

Мунун баары инновациялык лабораториянын ичинде мүмкүн болот. Лаборатория шаардагы жаштар борборунун базасында түзүлдү. Эми жаштарда социалдык демилгелерди киргизүү аркылуу көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Алар эми өз жамааттарындагы балдарга жана жаштарга таасирин тийгизип жаткан көйгөйлөрдү чече алышат. Бул ошондой эле өспүрүмдөрдүн чыгармачыл ой жүгүртүүсүнө да көмөкчү болот. Өспүрүмдөр социалдык демилгелердин алкагында иштеп чыккан чечимдер учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө да, өспүрүмдөрдү мектепти бүтүрүп, өз алдынча жашоого да даярдайт.

Өз жамаатынын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган жаштар демилгелерин (социалдык долбоорлорду) ишке ашыруу процесси башталууда. Өспүрүмдөр кесипти тандоо, окуучулардын гигиенасы, өспүрүмдөрдүн спорттук даярдыгы, балдарга карата психологиялык жана күч колдонулган зомбулук, өспүрүмдөр менен ата-энелердин, камкорчулардын мамилеси, окуучулар арасындагы буллинг, ошондой эле экология жана таза сууга жеткиликтүүлүк өңдүү көйгөйлөрдү чечүүнүн креативдүү жолдорун сунуш кылышты. Бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн өспүрүмдөр БУУнун Балдар фондунан (ЮНИСЕФ) колдоо табышты. Долбоорго финансылык колдоону БУУнун Тынчтыкты орнотуу фонду (ТОФ) берет.

Ачык инновациялык лабораториянын алкагында 7 жаштан 17 жашка чейинки курактагы балдар жана өспүрүмдөр сүрөттөрдө көйгөйлөрдү гана чагылдырбастан, ошону менен бирге аларды чечүү жолдорун сунуш кылып, кыялдарын жана үмүттөрүн визуалдаштыра алышты. Мунун баары инновациялык лабораториянын ачылышына карата өткөрүлгөн көргөзмөнүн арты менен мүмкүн болду. Көргөзмө “Жамааттагы көйгөйлөр балдардын жана жаштардын көзү менен” аттуу темада плакаттардын конкурсунун жыйынтыгы боюнча өттү. Калыстар тобу тандап алган мыкты эмгектердин авторлору баалуу байгелер менен сыйланышты.

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн директору Дамира Матосмонова: “Жаштар кары адамдардан бир нерсе менен айырмаланат. Бул – жаш курагы. Сиз канчалык жаш болсоңуз, колуңуздагы мүмкүнчүлүктөр да ошончолук көбүрөөк болот. Демек жаш жаран улуу муунга караганда жаңычыл ой жүгүрткөн, ааламдын же мамлекеттин келечеги үчүн жоопкерчилик ала алган адам болушу шарт. Кызыл-Кыя шаарында бүгүн ачылып жаткан инновациялык лабораторияда жамаатынын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган жаштардын демилгелерин ишке ашыруу боюнча жумуштарды жасоо үчүн кошумча шарттар түзүлдү деп айтсак болот”.

“Лаборатория ачылганга чейин шаар жаштары үчүн мындай диалог аянтчасы болгон эмес. Мындай борбор шаар жаштары үчүн абдан зарыл болчу. Инновациялык лабораторияда ар кандай тренингдерди, ийримдерди жана курстарды өткөрө алабыз. Жергиликтүү жаштардын кызыкчылыгы абдан зор экендигин баса белгилеп кетким келет”, - деп айтты жаштар борборунун төрагасы Чыңгыз Курбаналиев.

Проект: