COVID-19: Даттануулар жана бузуулар тууралуу каттарды кайда жиберсе болот?

15.04.2020 11:11
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко 24.kg маалымат агенттигине депутаттардын э-почталарына кандай даттануулар келип жаткандыгы жана алар менен Бишкек комендатурасы кандай иш алып барып жаткандыгы тууралуу айтып берди.
COVID-19: Даттануулар жана бузуулар тууралуу каттарды кайда жиберсе болот?

Депутат айымдын айтуусу боюнча, кайрылуулардын көбү ишкана-мекемелердин иши качан башталаары жана өзгөчө абал учуру качан бүтөөрү тууралуу болуп жатат: «Мамлекеттик органдарга даректелген бир катар кайрылууларга чаралар көрүлүп, жооптор берилди. Мисалы, комендатурага боюнда бар аялдардын жана онкологиялык ооруга чалдыккан жарандардын дарылануу жайларына баруусундагы кыйынчылыктар тууралуу даттануулар келип түшкөн. Ошондой эле биз пенсионерлердин суранычы боюнча да комендатурага кайрылдык, анткени алардын кээ бири жашаган аймакта (чыгууга уруксат берилген чекте) банктын филиалы же банкоматтар жок болгондуктан, өз акчаларын ала алышпай жатышыптыр. Комендатура бул кайрылууга жооп катары банктардын көчмө пункттары уюштурула тургандыгын айтты. Мамлекеттик органдар да өз учурунда ыкчам жооп берип, чара көрүүгө аракет жасашууда, бирок иш аракеттердин жүрүшүндө чечиле турган дагы көптөгөн маселелер чыгып жатат».

Урматтуу кыргызстандыктар,

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өкүлчүлүк жана контролдук функцияларын ишке ашыруу, өзгөчө абал учурунда жарандар менен эффективдүү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн, даттанууларды жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, кызмат адамдары тарабынан бузуулар жөнүндө тез аранын ичинде чара көрүүнү талап кылган кырдаалдар жөнүндө каттарды жана маалыматтарды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты:

pravoporyadok7@gmail.com

Сиздердин каттар каралып, өз убагында чара көрүү жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарына жиберилет. Кайра байланышуу үчүн катыңызда өздүк маалыматтарыңызды калтырууну суранабыз.