Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун 2020-2025 – жж. Стратегиясынын долбоорун талкуулоо болуп өттү

12.03.2020 09:50
Жолугушууда ЖӨБ Союзунун 2017-2020-жылдарга Программасынын аткарылуусу боюнча анализдин жыйынтыгы каралды, учурдагы жагдайларды анализдөө жумушу аткарылды, жетишкендиктер, жана бар көйгөйлөр, ресурстар талкууланды.
Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун  2020-2025 – жж. Стратегиясынын долбоорун талкуулоо болуп өттү

2020-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу жана жана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (ЖДККЖ) долбоору тарабынан уюшулган Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун 2020-2025-жж. стратегиясынын долбоорун талкуулоо болуп өттү.

ЖДККЖ долбоорун Швейцариянын Өкмөтү Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык боюнча агенттиги (SDC) аркылуу каржылайт жана ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн менен Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Дуйнөдө кеӊири колдонулган мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ич ара аракеттенүү механизими – алардын легитимдүү кызыкчылыктарын билдирүүчү - муниципалдык бирикмелер, Кыргыз Республикасында да колдонулат. Биздин өлкөдө муниципалитеттердин кызыкчылыктарын коргоочу болуп ЖӨБ Союзу саналат. ЖӨБ Союзунун 20-жылдан ашык тарыхы бар, ал ар кайсы жылдарда мамлекеттин ЖӨБтү өнүктүрүүдө  ийгиликтүү өнөктөшү катары иштеп келген. Бул мөөнөттүн ичинде белгилүү жыйынтыктарга жетишүү болду, тактап айтканда, мыйзамдарда ЖӨБ Союзунун, жана муниципалдык бирикмелердин статусу ЖӨБ органдарынын легитимдүү кызыкчылыктарын билдирүүчүсү катары бекитилди.

Азыркы учурда ЖӨБ Союзу өнөктөштөрдүн жардамы менен борбордук жана жергиликтүү деӊгээлде ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын толук кандуу билдирүү жана коргоо үчүн өзүнүн кудуретин күчөтүү боюнча кадамдарды жасап жатат.

ЖӨБ Союзунун мындан ары өнүгүүсүнө жана анын ЖӨБ органдарынын толук кандуу оюн билдирүүчүсү болушуна, талкуулоонун баардык мүчөлөрүнүн аракеттери багытталган, анкени  легитимдүү, натыйжалуу иштөөчү мунициплитеттердин бирикмесинин бар болгону өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө багытталган курал болуп саналат.

Бул иш-чарада ЖӨБ Союзунун дирекциясынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, USAIDтин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун, Өнүктүрүү саясат институтунун, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда ЖӨБ Союзунун 2017-2020-жылдарга Программасынын аткарылуусу боюнча анализдин жыйынтыгы каралды, учурдагы жагдайларды анализдөө жумушу аткарылды, жетишкендиктер, жана бар көйгөйлөр, ресурстар талкууланды.

ЖӨБ Союзунун Директору Ө.Алманбетов ЖӨБ Союзунун алдында келе жаткан Жалпы жыйында бекитүү максатында ЖӨБ Союзунун 2020-2025-жылдарга сапаттуу стратегия иштеп чыгуу маселеси турарын баса белгиледи. Жаӊы документ ЖӨБ Союзун өнүгүүгө үндөгөн компас болушу керек.

Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча ЖӨБ Союзунун стратегиясына кирүүгө зарыл болгон өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди жана иштелип чыкты. Жумушчу топ стратегиянын долбоорун толуктап иштеп чыгууга киришти.