ЖӨБ жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү

25.12.2019 18:18
ЖӨБ жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү

2019-жылдын 23-24-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА) жана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (ЖДККЖ) долбоору тарабынан уюшулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. ЖДККЖ долбоорун Швейцариянын Өкмөтү Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык боюнча агенттиги (SDC) аркылуу каржылайт жана ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн менен Өнүктүрүү саясат институтунун консорциуму аткарат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №240-б буйругу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жылдын сентябрь айынан тартып эксперттик топ Кодекстин долбоорунун Көрүнүшүн жана түзүлүшүн иштеп чыгууну баштаган. 17-декабрда алар ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна киргизилген. Жумушчу топтун жетекчиси – КР Биринчи вице-премьер-министри К.А. Боронов: «Көз карандысыздыктын жылдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу пайда болуу этабын өттү жана өнүгүү жолуна келип жетти. Сооронбай Жээнбеков “Кыргызстан: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциясында белгилегендей жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча кодексти иштеп чыгуу үчүн убакыт келди”, – деп белгиледи. Маалыматтарды угуп, талкуулогондон соӊ, бул жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, бир жуманын ичинде эгер бар болсо кат жүзүндөгү сын пикирлерди берүү тапшырма берилген. Андан ары келип түшкөн сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жана келечектеги Кодекстин негизги маселелери боюнча бирдиктүү көз карашты иштеп чыгуу максатында бул семинар уюштурулган.

Бул иш-чарада жумушчу топтун мүчөлөрү, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү эксперттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун, Бишкек шаарынын мэриясынын, жана долбоордун өкүлдөрү катышты.

ЖӨБЭММАнын директорунун орун басары Мурат Байдылдаев Кодекстин долбоорун иштеп чыгуурун максаты бир документке жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү баардык мыйзамдарды бириктирүү экендигин баса белгиледи.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар чаржайык, көптөгөн ченемдер тармактык мыйзамдарда камтылган, көп учурда бир топ ченемдер бири-бирине карама-каршы келет. Кодекстин максаты бул мыйзамдардагы карама-каршылыктарды, боштуктарды, кемчиликтерди жоюу болуп саналат", - деп Анарбек Исмаилов, жумушчу топтун мүчөсү, эксперт билдирди.

Жумушчу топ отурумунун жыйынтыгы боюнча Кодекстин түзүлүшү финалдаштырылды, иштеп чыгылуучу Кодекстин эӊ маанилии максаттарынын бири болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөр талкууланды. Жумушчу топ Кодекстин долбоорун иштеп чыгууга киришти.

Скачать:
Проект: