ЖӨБЭММА Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин талкуулады: Бир жылда эмнелер өзгөрдү?

24.12.2019 17:51
Бул багытта иш-чара бүгүн, 24-декабрь күнү, Бишкек шаарында болуп өттү.
ЖӨБЭММА Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин талкуулады: Бир жылда эмнелер өзгөрдү?

Учурда Кыргыз Республикасынын 484 муниципалитетинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин аткаруу максатында Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар түзүлдү. Бузуулар жөнүндө кодекс (мындан ары – Бузуулар жөнүндө кодекс) 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (ЖӨБ) бузуулар жөнүндө комиссияларды түзүү, бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү, бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана бузуулардын 31 түрү боюнча айып салуу боюнча ыйгарым укуктар берилген. Алардын айрымдарында протоколдор, аныктамалар үчүн зарыл бланктар бар жана алар тийиштүү аймакта ийгиликтүү иш алып барууда, бирок алардын басымдуу бөлүгү финансылык, административдик жана техникалык камсыздоого байланышкан маселелерден улам өзүнүн ыйгарым укуктарын толук ишке ашыра албай жатышат.

2019-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен чогуу Бишкекте тегерек стол талкуусу болуп өттү. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өкмөтү Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат. Иш-чаранын максаты – Бузуулар жөнүндө кодексти ишке ашыруу маселесин ар тараптан изилдеп чыгуу, бул процесстеги кыйынчылыктарды, алынган сабактарды талдоо жана аталган көйгөйлөрдү чечүүнүн ыктымал жолдорун иштеп чыгуу.

Талкууга мамлекеттик органдардын, Нарын, Чүй жана Ош облустарынын айрым ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башкалар катышып, ЖӨБ органдарынын комиссияларынын азыркы абалын, ЖӨБ органдары Бузуулар жөнүндө кодекстин ченемдерин практикада колдонуунун азыркы күндөгү көйгөйлөрүн талкуулашты. Бузуулар жөнүндө кодекстин ишке ашырылышы жана электрондук портал – Бузуулардын бирдиктүү реестри (ББР) менен иштөөдө ЖӨБ органдарына толук жана туруктуу колдоо көрсөтүү үчүн ЖӨБ органдарынын жана администраторлордун кабелдик интернет байланышына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалымат тартууланган соң, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү талкууга катышып жаткан мамлекеттик органдардан бул маселелердин техникалык-материалдык тарабын да, тийешелүү адистердин жетишпей жаткандыгын да эске алып коюуларын өтүнүштү.

“Биз албетте бул Кодекстин талаптарына ылайык милдеттүү түрдө иш алып барабыз, бирок эгер айыл өкмөттөргө жана мэрияларга техникалык тарабы камсыздалбаса, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын иш алып баруусу кыйла оорлошот же таптакыр эле мүмкүн болбой калышы толук ыктымал. Ансыз да бузуу фактыларын каттоо жана текшерүүгө байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджетке жүктөлүп жатат” – дешти ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү.

Проект: