“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоордун экинчи фазасынын киришүү жыйыны

25.09.2019 13:57
Иш-чаранын соңунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга жана 2019-жылы потенциалды жогорулатууга багытталган грантка кол коюу аземи өттү.
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоордун экинчи фазасынын киришүү жыйыны

2019-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарында Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган ХЕЛВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоордун экинчи фазасы боюнча жаңы пилоттук муниципалиттерге киришүү жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жаңы тандалып алынган айыл өкмөт башчылары жана айыл кенеш төрагалары, Кыргыз өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү, Кыргызстандагы Швейцария элчилигинин, Швейцария өнуктүрүү жана кызматташуу бюнча агенттигинин өкүлү, эл аралык долбоорлордун жана ЖДКЖ долбоорунун өкүлдөрү – жалпысынан 77 адам катышты.

Семинарды Кыргыз өкмөтүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Ачикеева Чолпон ачты. Ал долбоордун жана агенттигинин биринчи фазасындагы кызматташуусу жөнундө айтып берди. Андан кийин Кыргызстандагы Швейцария элчилигинин өкүлү Люсьен Эгертер cөз сүйлөп, негизи кызматты жакшыртуу  башкаруусу маанилүү болуп эсептелет, себеби тейлеген аймагы инфраструктура жакшыртуусунан кененирээк деп айтып берди. Кызмат көрсөтүү сапатына, жеткиликтүүлүүгүнө, эффетивдүүлүгүнө жана туруктуулугуна камсыз кылуудагы фокус--кызмат көрсөтүүнүн башкарууда  экендигин белгиледи.

Жыйында “Жергиликтүү дэңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жетекчиси Мамбетова Асель Долбоордун МАК тарабынан мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө багытына  өзгөрүлүшүн айтып берди.

Жыйын долбоордун экинчи фазасынын максаттары, милдеттери  жана негизги багыттары, гендердик сезим тал жана тендик, ошондой эле муниципалиттеринин дараметтерин жогорлотууга кичи гранттар боюнча кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын соңунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга жана 2019-жылы потенциалды жогорулатууга багытталган грантка кол коюу аземи өттү.

Проект: