2009-2019-жылдар аралыгында Өнүктүрүү саясат институтунун иши тууралуу отчет үчүн туруктуу өнүгүүгө ӨСИ таасирин тийгизген чөйрөлөр

13.08.2019 11:22
2009-2019-жылдар аралыгында Өнүктүрүү саясат институтунун иши тууралуу отчет үчүн туруктуу өнүгүүгө ӨСИ таасирин тийгизген чөйрөлөр

Урматтуу өнөктөштөр!

2019-жылы Өнүктүрүү саясат институтуна 10 жыл толот. Бул мезгил ичинде биз көп иштерди жасадык жана ушул ишибиздин жыйынтыгы, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө кандай салым кошконубуз тууралуу кызыкдар адамдарга маалымат бергибиз келип турат. Бул үчүн эл аралык АА1000 SES (Steikholder Engagement Standard) стандартына таянуу менен, ӨСИнин финансылык эмес таасири тууралуу отчет даярдап жатабыз.

АА1000 SES стандартына ылайык, финансылык эмес таасир тууралуу отчетко ошол отчетту даярдап жаткан уюм маанилүү деп эсептеген маалыматтан тышкары, уюмдун өнөктөштөрүнө да кызыктуу жана маанилүү болгон маалыматтар да камтылат. Ошондуктан отчетубузга кошо турган маалыматтын маанилүүлүгүн ушул каттын тиркемесиндеги шкала боюнча баалап берүүңүздү өтүнөбүз. Ошондой эле сиздин баамыңыз боюнча, өз отчетубузда дагы кандай маселелерди жана чөйрөлөрдү чагылдырышыбыз керектигин жазып коюуңузду суранабыз.

Жообуңузду ар кандай түрдө – кагаз жүзүндө же NDobretsova@dpi.kg электрондук дарегине 2019-жылдын 23-сентябрына чейин жиберсеңиз болот. 

Сурамжылоо төмөнкү шилтеме аркылуу да жеткиликүү: https://forms.gle/p3uFss2sUtLb94Ej8  

Скачать: