Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айылдык аймактарынын көңүлүнө!

26.07.2019 11:49
"Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору экинчи фазага пилоттук муниципалитеттерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт.
Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айылдык аймактарынын көңүлүнө!

Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланып, ХЕЛВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат 
көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айылдык аймактарынын арасында
долбоордун экинчи фазасына пилоттук муниципалитеттерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялагандыгы жөнүндө маалымдайт.

Долбоордун экинчи фазасынын негизги максаты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө муниципалитеттер аралык кызматташуу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу болуп эсептелет.

Сынакка катышуу үчүн Долбоор тарабынан атайын даярдалган Өтүнүч катын жана Өтүнмөнүн формасын толтуруп, тиешелүү тиркемелерди тиркеп 2019-жылдын 15-август саат 17:00го чейин, долбоордун борбордук кеңсесине тапшыруусу керек.

Өтүнүч каттын жана Өтүнмөнүн электрондук формасын бул жерден жүктөп алсаныздар болот:

 

 

Проект: