МСЗ коомдук-пайдалуу долбоорду ишке ашыруу үчүн КЭУ кандай табыштама толтурушу керек?

22.07.2019 09:40
Муниципалдык социалдык заказ - МСЗ.
МСЗ коомдук-пайдалуу долбоорду ишке ашыруу үчүн КЭУ кандай табыштама толтурушу керек?

2019-жылдын 19-июлунда Бишкек шаарында мамлекеттик социалдык заказ механизми аркылуу коомдук-пайдалуу долбоорду ишке ашырууну кантип баштоо керек экендиги тууралуу маалымат жолугушуусу жана атайын тренинг болуп өттү.

Тренингдин жүрүшүндө Чүй облусунун Ленин, Кызыл-Октябрь жана Узун-Кыр айылдык аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү облустун коммерциялык эмес уюмдарынын 12 өкүлүнө МСЗ механизми жана аны менен туура иш алып баруу тууралуу кеңири маалымат беришти.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө КЭУ өкүлдөрү үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп жаткан акча каражаттарынын эсебинен аткарылуучу МСЗ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн конкурска катышуудагы талаптар, табыштама толтуруу, долбоорду ишке ашыруу процедуралары жана мөөнөттөрү тууралуу маалымдалды.

Чүй облусунун Ленин, Узун-Кыр жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактарынын айыл өкмөттөрү USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылуучу “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык заказды ишке ашыруу боюнча потенциалын чыңдоо” долбоорунун өнөктөштөрү болуп калышты. ӨСИ артыкчылыктуу проблемаларды аныктоодон баштап жана КЭУларды тандоо жана долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен аяктап, ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык колдоо көрсөтөт. Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.