Максатбек Орозалиев: "Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында беш коомдук-пайдалуу долбоорго Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен 1 миллион сом бөлүндү"

17.07.2019 12:30
Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 2019-жылы МСЗ механизмин пайдалануу менен аткарыла турган коомдук-пайдалуу долбоорлор тууралуу айтып берди.
Максатбек Орозалиев: "Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында беш коомдук-пайдалуу долбоорго Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен 1 миллион сом бөлүндү"

2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында "Гранттык комиссияны тандап алуу процедурасы" деген аталышта тренинг болуп өтүүдө. Иш-чарага Чүй облусунун Ленин, Узун-Кыр жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактарынын, Нарын жана Ош шаарларынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышып жатышат.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга тренерлер тарабынан МСЗнын формалары, ишке ашыруу жолдору, конкурс жарыялоо жана өткөрүү, гранттык комиссияны түзүү жана анын иш аракеттери, конкурсту өткөрүү жана сунуштамаларды баалоо, жыйынтыктоо жана келишим түзүү тууралуу кеңири маалымат берилет.

Тренингдин катышуучуларынын арасында Ош шаарынын мэриясынын дан 2 адиси катышууда. Алардын бири – социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Максатбек Орозалиев мэриянын МСЗ долбоорлору менен иш алып баруусу тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү:

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу максатында Ош шаарынын мэриясынын алдында атайын буйрук менен Жумушчу топ түзүлүп, 2018-жылы шаардын аймагында коомдогу көйгөйлүү маселелерди аныктоо боюнча изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада 173 көйгөй аныкталып, алардын ичинен эң чоң маанидеги жети көйгөйлүү маселе иргелип алынды. Жумушчу топ тарабынан МСЗ программасынын долбоору иштелип чыгып, жергиликтүү тургундардын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук угуу өткөрүлдү. Андан соң МСЗ программасы шаардык кеңеш тарабынан бекитилди. 2019-жылга карата МСЗнын негизинде аткарылуучу коомдук-пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом каралды. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын расмий сайтына коммерциялык эмес уюмдар арасында жарыяланган конкурс тууралуу маалымат жайгаштырылды.

Аныкталган негизги көйгөйлүү маселелер:

Азыркы күндө жарыяланган конкурска коомдук уюмдар тарабынан сунуштамалар келип түшүүдө. Белгиленген мөөнөт келип жеткенде, сунуштарды кабыл алуу токтотулуп, Гранттык комиссия өз ишин жүргүзөт. Анан натыйжасында эң мыкты сунуштамалар иргелип алынып, коомдук-пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу ошол уюмдарга эки тараптуу келишим түзүү аркылуу тапшырылат”.       

***

Чүй облусунун Ленин, Узун-Кыр жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактарынын айыл өкмөттөрү, Нарын жана Ош шаарларынын мэриялары USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылуучу “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык заказды ишке ашыруу боюнча потенциалын чыңдоо” долбоорунун өнөктөштөрү болуп калышты. ӨСИ артыкчылыктуу проблемаларды аныктоодон баштап жана КЭУларды тандоо жана долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен аяктап, ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык колдоо көрсөтөт. Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.