“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун Жалал-Абад облусундагы экинчи фазасынын бет ачары болуп өттү

16.07.2019 09:44
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун Жалал-Абад облусундагы экинчи фазасынын бет ачары болуп өттү

2019-жылдын 10-июлунда Жалал-Абад шаарында облустук мамлекеттик администрациясында Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланган ХЕЛВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун экинчи фазасы боюнча киришүү семинары болуп өттү.

Семинарга айыл өкмөт башчылар жана айыл өкмөт башчыларынын орун басарлары, Жалал-Абад облустук Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлунун орун басары, Жалал-Абад облусунун бардык 8 райондук мамлекеттик администрация башчылары (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү жана долбоордун өкүлдөрү болуп, жалпысынан 89 адам катышты.

Семинардын катышуучуларына “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун биринчи фазасынын негизги жыйынтыктары, долбоордун негизги максаттары жана милдеттери, ошондой эле, долбоордун регионалдык дэңгээлдеги негизги багыттары жөнүндө жана, муниципалететтердин долбоорго катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар жасалып, толук маалымат берилди.

Семинардын жүрүшүндө Кеңеш жана Бешик-Жон айыл өкмөттөрүнүн башчылары да сөз сүйлөп, кызматтарды уюштуруу жана кызмат көрсөтүү боюнча, аны менен бирге, долбоордун пилоттук айыл өкмөтү катары өздөрүнүн тажрыйбалары менен болушуп кетишти. Элге кызмат көрсөттүүдө муниципалететтер аралык кызматташуу маселеси боюнча суроолор катышуучулар арасында өзгөчө кызыгуу жаратты. Семинардын катышуучулары өздөрүнүн көйгөйлөрү менен болушуп, ар түрдүү суроолорду беришип, өнөктөшүү шарттары жана катышуу мүмкүнчөлүктөрү тууралуу талкулоого активдүү катышышты. Долбоордун өкүлдөрү берилген бардык суроолорго толугу менен жооп берүүгө аракет жасап, долбоордун алдыдагы 4 жылга карата коюлган иш-чаралары жөнүндө терең маалымат беришти.

Долбоордун өкүлдөрү келерки жумада дагы бир киришүү семинарын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында өткөрмөкчү. Семинарга Ысык-Көл облустук өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү, райондук мамлекеттик администрация өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун айыл өкмөт башчылары, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү жана “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун өкүлдөрү катышышат.

Скачать:
Проект: