"Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору КР Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды

21.06.2019 15:37
Ардак грамотаны тапшыруу аземи бүгүн, 21-июнда, Бишкек шаарында болуп өттү.
"Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору КР Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын дараметин күчөтүүдө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнүн урматына Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Өнүктүрүү саясат институту бул сыйлыкты өзгөчө сыймыктануу менен кабыл алып, мындан ары да өз билимин, мүмкүн болгон эксперттик жана каржылык ресурстарын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарына жана башкаруу органдарына адамдын татыктуу жашоого болгон укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүнө ашыруусуна көмөктөшүүгө багытталган иш аракеттерин уланта бере тургандыгын маалымдайт.

 

Проект: