«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 1-фазасы жыйынтыкталды

16.04.2019 13:34
Бул багытта 2019-жылдын 3 жана 11-апрелинде Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында аймактык семинарлар өткөрүлдү.
«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 1-фазасы жыйынтыкталды

2019-жылдын 3 жана 11-апрелинде Каракол жана Жалал-Абад шаарларында «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыгы боюнча аймактык семинарлар уюштурулду. Семинарларга Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына караштуу пилоттук жергиликтүү өкмөт башчылары, АК торагалары, жергиликтүү консультанттар, долбоордун региондук координаторлору жана андан тышкары, муниципалитеттер аралык кызматташууга кызыкдар болгон пилоттук эмес АӨ башчылары да чакырылган. Жалпысы болуп семинарларга 100 адам катышты.

Долбоор 4 жыл ичинде Ысык-Көл облусунда 19 жана Жалал-Абад облусунда 11 муниципалитеттер менен иш жүргүздү. Семинарларда долбоордун жетекчиси Асель Мамбетова айым тарабынан долбоордун алкагында 2015-жылдын май айынан тартып 2019-жылдын апрель айына чейин аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча презентация жасалып, ошондой эле долбоордун Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы иштери тууралуу тартылган видео тасма көрсөтүлдү.

Семинарлардын жүрүшүндө, төмөнкү суроолор боюнча катышуучулардын көз карашын аныктоо максатында чакан топторго бөлүнүп талкуулооолор жүзөгө ашырылды:

Добоордон эмнени алдыңыз? Долбоордун алкагында эмнени уйрондуңуз? Бардык респонденттер кызматтарды жакшыртуу пландарын иштеп чыгууда, долбоордон алынган тажрыйбанын жана кызматтарды жакшыртууда колдонулган иш-аракеттердин бардык чөйрөлөрүн камтыган жеңил жана жеткиликтүү ыкмаларынын чоң ролун баса белгилешти. Аларга ичүүчү сууга жана таштандыларды топтоо жана чыгаруу кызматтарынын тарифтерин эсептөө боюнча алынган билим абдан пайдалуу болгонун айтышты.

Долбоордун өнөктөштөрү катары долбоорду ишке ашырууда кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз? Алгачкы этапта кызматты жакшыртуу үчүн башкаруучулук чечимдерди жөнгө салуу кыйын болду, себеби алдыда инфраструктура маселеси да турган. Андан тышкары мамлекеттик сатып алуулар порталы боюнча да бир топ кыйынчылыктар болду, бирок, долбоордун эксперттик колдоосунун натыйжасында, тартыш маселелердин баары чечилди.

Кызматтарды жакшыртуу багытында кандай конкреттүү пландар коюлган (кандай кызматтар бар, эмнелер ишке ашырылып жатат жана мындан ары кандай иш-аракеттер аткарылат?) Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү багытында пландар барбы?). Катышуучулар кызматтарды жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу менен бирге, кыйынчылыктарды жеңүүдө, алардын аймактагы көйгөйлөрүн чечүүдө аткарган иштерин жана, ошондой эле долбоордон алынган тажрыйба, билим жана ыкмаларды кандай колдонууну талкуулашты.

Ысык-Көл облусуна караштуу Б. Мамбетов АӨ башчысы Көөкөрөв Ильич мырза өз сөзүндө кызматтарды жакшыртуу методологиясын иштеп чыгуу натыйжасында Ак-Сай айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу пландарын ишке ашыруу жана аймактын жашоочулары үчүн маалымат борборун баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкандыгын белгилеп кетти. Бул иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн, башка булактардан да каражаттар тартылганын айтты. Ошондой эле ушул ыкма менен катуу таштандыларды чыгаруу жана утилизациялоо үчүн план даярдалып жатканын айта кетти. 

Бардык талкуулоолордон кийин семинарга келген пилоттук эмес айыл өкмөт башчылары да өздөрүнүн көз караштары менен бөлүшө кетишти:

Октябрь АӨ башчысы Акмолдоев Бакыт: «Бизди ушул семинарга чакырганыңыздарга ыраазыбыз. Анткени долбоордун пилоттук айыл өкмөтү катары биздин кошуна айыл өкмөттөр кандай иш-чараларды жасап, чоң жетишкендиктерге жеткенине күбө болуп турабыз. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууда ААлардын дараметин жогорулатуу – бул долбоордун муниципалитеттердин өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы деп эсептейм. Бул долбоордун ишинде мен бир маанилүү нерсени байкадым: ал биздин айыл аймактарда көрсөтүлүп жаткан кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана туруктуулугун жакшыртуу үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, калктын жана элге кызмат көрсөтүүчү провайдерлердин ресурстарын бириктирүү мүмкүнчүлүгү деп эсептейм. Биздин айыл өкмөт да мындай долбоордун пилоттук айыл өкмөтү болууга ар дайым даяр».

Тон айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Мамбетов мырза да өз оюн билдирди: «Биз долбоорун алкагында жасалган иштердин жыйынтыктарын Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн мисалында көрүп турабыз. Өткөрүлгөн тренингтер жана консультациялар өз изин калтырып турат. Биз көрүп тургандай долбоорун пилоттук айыл өкмөттөрү, башка пилоттук эмес айыл өкмөттөрдөн бир баш жогору турушат, ошондуктан, биз чындап эле пилоттук айыл катары долбоорго кирип, айылыбызда кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана уюштуруу үчүн керек болгон бардык билимди жана тажрыйбаны үйрөнүүгө ошондой эле финансылык жардам алууга умтулабыз».

Пилоттук айыл өкмөт катышуучулары кызматтарды жакшыртууну түшүнүүдө, айыл өкмөт кызматкерлеринин аң сезиминин өзгөрүүсүнө долбоордун жана анын техникалык колдоосунун зор салымын баса белгилеп кетишти.

Жети-Өгүз айыл өкмөт башчысынын орун басары Аскат Кубатов: «Биз көйгөйлүү болуп турган кызматтарды жакшыртууда каржылык жана усулдук жардамы үчүн долбоорго терээң ыраазычылык билдиребиз. Долбоордун алкагында биз мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштөөнү жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр реестрин иштеп чыгууда билимибизди кыйла жогорулаттык. Долбоор баштаган ишин таштабастан аягына чыгаруусу менен айырмаланат».

Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри Алишер Табалдиев: «Долбоорго Балыкчы шаарынын борбордук паркында эс алуу кызматын уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн абдан ыраазыбыз. Ошондой эле, долбоордун жардамы менен ичүүчү суу жана турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу жана утилдештирүү кызматтарынын тарифтери эсептелип, бекитилди. Андан тышкары, долбоордун алкагында муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине, алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын туруктуулугу боюнча бир топ окутуу иштери болуп өттү».

Ошондой эле семинарларда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында муниципалитеттер аралык кызматташуу маселелери да талкууланды. Семинардын катышуучулары муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүштү. Натыйжада жергиликтүү маанидеги маселелердин негизги багыттары төмөнкүдөй белгиленди:

Семинардын аягында катышуучулар долбоор 1-фазасынын жыйынтыгы менен канааттануу менен бирге, долбоор менен мындан ары да кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Проект: