Тазалык – сергек жашоо булагы

09.04.2019 17:42
Кеңеш айыл аймагынын жана Бешик-Жон айыл аймактарынын айылдарында тазалыкты камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү уюштурулду.
Тазалык – сергек жашоо булагы

Кеңеш айыл аймагынын борбору Совет айылында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кенеш айыл аймагынын калкына тазалыкты камсыз кылуу кызматын жакшыртуу боюнча, ошондой эле Кенеш жана Бешик-Жон айыл аймактары ортосундагы муниципалитеттер аралык кызматташуунун салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу ачылуу аземине Хелветас Свисс Интеркооперейшн ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору Анна де Биер, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун менеджери А.Мамбетова жана жооптуу кызматкерлери, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.К. Бегимкулов, Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б. Өмүрзаков, эл депутаттарынын Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы баш болгон депутаттар, “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, айылдардын жашоочулары катышышты.

Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Кеңеш жана Бешик-Жон айыл аймактарынын калкына тазалыкты камсыз кылуу кызматын жакшыртуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун аракет планы (КЖАП) иштелип чыккан. Үй-тиричилик калдыктарын жыйноо жана ташып чыгаруу кызматы көрсөтүлбөгөндүктөн, таштандыларды жыйноо боюнча шарттар түзүлбөгөндүктөн, жергиликтүү калк көчөлөрдүн бойлоруна, сайларга жана коомдук жайларга таштандыларды төгүп келген. Натыйжада айыл аймактагы санитардык-экологиялык абал начар болгон. Калктын арасында жугуштуу оорулар да көп болгон.

Айыл аймакта кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, туруктуулугун жакшыртуу үчүн айыл өкмөтүнүн адистеринин, АК депутаттарынын жана провайдердин дараметин жогорулатууга 63180 сом, тийиштүү документтерди даярдоого жана атайын адистердин кызматын пайдаланууга 173600 сом жана КЖАПтын иш-чараларынын аткарылышына биргелешкен мониторинг жана баалоосуна 12300 сом техникалык жардам гранты долбоордон берилип, Кенеш АО тарабынан 3 КЖАП даярдалды.

Даярдалган КЖАПтар “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун гранттык комиссиясына сунушталып, төмөндөгү КЖАПтар колдоого алынды, алар:

  1. “Кеңеш  айыл аймагынын жашоочуларын таштандылардан арылтуу, чогултуп жана ташып чыгаруу”  кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун аракет планы. КЖАПтын бюджети: 478 230 сом, анын ичинен: грант – 418 230 сом, “Кеңеш” айыл Өкмөтүнүн өздүк салымы – 60 000 сом. КЖАПтын ишке ашуусу менен Кенеш айыл аймагында 14 таштанды жыйноочу тосмолор курулду. Айыл аймактагы элге таштандыларды жыйноо жана ташып чыгарууга шарттар түзүлдү. Атайын таштандыларды жыйноочу тосмолордо таштандылар жыйналып, чачылбай санитардык-экологиялык абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк жаралды.
  2. Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында “Кеңеш жана Бешик-Жон айыл аймактарынын тургундарына тазалыкты камсыздоо” кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракет планы. КЖАПтын бюджети: 5 777 644 сом, анын ичинен: грант – 5 000 000 сом, Кеңеш айыл Өкмөтүнүн өздүк салымы – 458 072 сом, Бешик-Жон айыл Өкмөтүнүн өздүк салымы – 319 572 сом. КЖАПтын алкагында, КО-440-2 ГАЗ-3309 үлгүсүндөгү таштанды жыйноочу автоунаа сатып алынды. Кеңеш айыл өкмөтүнө 42 жана Бешик-Жон айыл өкмөтүнө 36 даана таштанды жыйноочу темир контейнерлер сатылып алынды. Кеңеш айыл аймагындагы Могол-Коргон айылында 3га таштандыларды жыйноочу полигондун айланасы темир тосмо менен тосмолонду. Таштанды жыйноочу полигонду түнкү жарык менен камсыз кылуу, келечекте таштандыларды кайра иштетүү үчүн электр линиясы тартылды. Жалпысынан алганда Кеңеш АА 30577 адамдарга жана Бешик-Жон АА 13180 адамдарга, 145 социалдык объектилерге,  калктын аярлуу катмарынын 288 кожолукка үй-тиричилик калдыктарын жыйноо жана ташып чыгаруу кызматы жакшыртылды. Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлгөн.

2018-жылдын 22-октябрында Кеңеш АК жана Бешик-Жон АК депутаттарынын кошмо жыйынында муниципалитеттер аралык кызматташуу боюнча ЖОБО талкууланып, бекитилди.

Турдукулов Медет, Совет айылынын айыл башчысы: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кеңеш айыл аймагында 14 турмуш тиричилик калдыктарды жыйноочу тосмолор курулуп, жашоочуларга таштандыларын жыйноочу тосмолорду орнотуу жаңылык болду. Таштандыларды жыйноо жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүлө башталып, натыйжада айлана-чөйрө, көчөлөрүбүз тазаланып, жашаган жерибиздин көрүнүшү кооз болуп калды”.

КЖАПтарды турмушка ашырууда:

Жарандардын баалоо баракчаларынын жыйынтыгы менен коомдук угуу өткөрүлдү, жыйынтыгында таштандыларды ташып жыйноо, ташып чыгаруу жана утилдештирүү кызматы, муниципалдык ишкана, тарифтер, келишимдер, долбоордун алкагында аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтар толукталды, элдин суроолоруна жооптор берилип,  айыл аймактын эли бул кызматтын уюштурулгандыгын колдошууда.

Проект: