Каражал айыл аймагындагы Боз-Булун айылында мектепке чейинки билим берүү кызматы жакшыртылды

14.12.2018 16:52
Каражал айыл аймагындагы Боз-Булун айылында мектепке чейинки билим берүү кызматы жакшыртылды

Каражал айыл аймагындагы төрт кыштакта мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгү көптөн бери оор көйгөй болуп келген. Аймакта бир гана Боз-Булун айылында бала бакча бар, ал да атайын ылайыкташтырылган имаратта иш жүргүзүп жаткан. Аталган бакчага 40 эле бала барчу, ал эми бакчага баруу муктаждыгы бар балдар саны 80 түзчү.

Демилгелүү топтун мүчөсү жана мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Венера Жумабаеванын айтымында,- «Балдарды мектепке даярдоо жана мектепке чейинки билим берүү кызматынын сапатын жакшыртуу маселеси дайыма жалпы жолугушууларда жана коомдук угууларда жашоочулар тарабынан ар дайым көтөрүлүп келген. Биздин демилгелүү топ, айыл өкмөтү менен бирге Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланган ХЕЛЬВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдар аркылуу ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” пилоттук долбоорго катышып, анын алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, бала бакчанын имаратын кеңейтүү жана толук кызмат көрсөтүүсү үчүн шарттарын жакшыртууга жалпы эсеп менен  6,5 млн сом талап кылынаарын аныктады. Биз долбоор тарабынан уюштурулган конкурска катышып, кызматтарды жакшыртуу үчүн 4 млн сом өлчөмүндөгү грант утуп алдык, ал эми 2,5 млн сом Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп берилди. Бул каражаттарга кошумча турак жай, балдар үчүн тамактануу бөлүмү, сырткы аянтча курулуп, бакчанын айланасы тосмо менен тозулду. Мындан тышкары, 40 бала үчүн кошумча жабдуулар жана башка керектелүүчү материалдар сатылып алынды, жыйынтыгында азыр биз кошумча эки топ кабыл алууга мүмкүчүлүк түздүк. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан билим берүү министрлиги менен кошумча кызматкерлерди кабыл алуу маселеси да макулдаштырылды. Айыл өкмөтүбүз биздин балдар бакчага бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүү ниетинде, мындай колдоо үчүн биз аларга жана донорлорго аябай ыраазыбыз»

Айылдын тургуну жана биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөсү Мамбетов Эрнис өз оюн төмөнкүдөй билдирди, «Биздин айылдагы бала бакча кырк балага чейин гана кабыл алчу, ал эми бакчага баруу муктаждыгы сексен баланы түзчү. Ошондуктан балдарын бакчага киргизүү үчүн жашоочулар тааныш адамдарды табууга аракет кылышчу. Бирок бакчанын балдарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан уюштура алгандар сейрек кездешчү, жокко эсе болчу, анын негизинде жемкорлук бар деген пикир да айтылчу. Азыр бакчанын имараты кеңейтилди жана бардык каалоочулар үчүн кызматын көргөзө алат. Мындан тышкары, биз коомдук угууларда балдарды кабыл алуу тартибин талкууга алып, бала бакчага балдарды кабыл алуу жөнүндө жобо кабыл алганбыз».

«Мурда балдарды мектепке даярдоо үчүн, аларды Каракол шаарына алып барууга туура келчү себеби бакчада орундар чектелүү болчу. Ошол эле учурда бул абдан үй-бүлөлүк бюджетке таасирин тийгизчү себеби жол кире чыгымдары, окуу мекемесине жана мугалимге акы төлөө үчүн каржаттар талап кылчу жана эң негизгиси биздин убактыбызды да алчу. Менин жолдошум талаада иштейт, мен Каракол шаарында билим берүү мекемесинде иштейм. Эми балдар бакчага барып баштагандан бери бош убактыбыз көбөйүп калды, ал эми балдар сапаттуу билим алууда»- деп айылдын тургуну Аскербекова Динара белгилеп кетти.

Проект: