"Жергиликтүү демилге - 2018" регионалдык форуму Нарын шаарында болуп өттү

23.11.2018 11:31
Форумдан түз алып баруу Facebook социалдык тармагында жүрдү (@DPIKyrgyzstan), ал эми таркатылуучу материалдардын бардыгы электрондук түрдө жеткиликтүү: http://vap.kg/ky/press_room/publications/full/189.html
"Жергиликтүү демилге - 2018" регионалдык форуму Нарын шаарында болуп өттү

2018-жылдын 22-ноябрында Нарын шаарында “Жергиликтүү демилге – 2018” темасында регионалдык форуму өз ишин аяктады. Иш-чараны Кыргызстандын аймагында 2011-жылдан бери аткарылып келе жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) өткөрдү. Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (#SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, кыргызстандык мекеме – Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Форумдун жүрүшүндө Нарын облусунун ЖӨБ органдары, жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү, Ош жана Нарын облустарында өткөрүлгөн үч конкурстун жеңүүчүлөрү, байге ээлери жана башка катышуучулар өздөрүнүн аймактарында ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын кызматташтыгы аркылуу аныкталып, андан соң ишке ийгиликтүү ашырылган жергиликтүү демилгелерди аткаруу тажрыйбалары тууралуу кесиптештерине айтып беришти. Мындан сырткары иш-чарада Бишкек шаардык өнүгүү агенттигинин өкүлдөрү жарандык демилгелер менен бөлүшүштү.

Иш-чарага Долбоордун расмий өнөктөштөрү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Асизов Касен, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ГАМСУМО) Нарын облусундагы расмий өкүлү Кайрат Турсунов жана КР ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары Кадырали Иманов да катышып, катышуучуларга кеңештерин жана каалоо-тилектерин айтышты. 

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар бир тараптуу гана маалымат албастан, өздөрү да чакан топтордо иштеп, аларды тартуулаганга жетишишти.

Форумдан түз алып баруу Facebook социалдык тармагында жүрдү (@DPIKyrgyzstan), ал эми таркатылуучу материалдардын бардыгы эектрондук түрдө жеткиликтүү: http://vap.kg/ky/press_room/publications/full/189.html  

Форумдун соңунда Нарын облусунан аныкталган үч конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына дипломдор, сертификаттар жана байгелер тапшырылды. 

“2018-жылы “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында үч конкурс өткөрүлдү: “Жергиликтүү демилге 2018”, “2019-жылга карата бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” жана “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) ролу”. Үч конкурстун жалпы байге фонду 1 миллион 420 миң сомду түзүп, ал каражаттар Швейцария Өкмөтү тарабынан камсыздалды, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев– Үч конкурсту бириктирген бирден-бир максаты - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү мисалдарды аныктоо, ал демилгелердин авторлоруна дем берип, тажрыйбаларды андан ары кеңири жайылтуу. Форумдун жүрүшүндө презентациялар тартууланган соң, катышуучулар аларды талкуулап, чакан топтордо иш алып барышат. Өз кезегибизде биз Долбоордун алкагында жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоодо элеттик муниципалитеттердин аракеттерине дем берүү максатында аларга колдон келишинче жардам жана колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Анткени жергиликтүү жамааттар алдында жогорулатылган отчеттуулук аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруу, жеринде чечим кабыл алууга жарандардын дагы да жигердүү катышуусу Долбоордун негизги максаты болуп эсептелет”.

2018-жылы Ош жана Нарын облустарындагы муниципалитеттер арасында өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилге” конкурсунун байге фонду 750 000 сомду түздү. Баары болуп конкурска  облустан 75 өтүнмө түштү. Конкурс Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттардын өнөктөштүгү менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана иштин алдыңкы усулдарын колдонууга да көмөктөшүшү керек болчу. Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар конкурска катышуу укугун алышкан. Булар жергиликтүү жамаат үчүн пайдалуу болуп, башка айылдык аймактарда колдонулушу мүмкүн иш-чараларды өткөрүшкөн.

Конкурстук комиссиянын курамы: КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын, Долбоордун жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү ар бир өтүнмөнү жекече карап чыгып, баа берип, байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштүрүштү:

Ошондой эле Конкурстук комиссия төмөнкү 13 өтүнмөгө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге берүү тууралуу чечим кабыл алды:

Буга кошумча комиссия дагы 6 өтүнмөнү белгилеп, 12 500 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:

Байге фонду 450 000 сомду түзгөн “2019-жылга карата бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” темасына конкурс жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти сактоого умтулуусун колдоо максатында өткөрүлдү.

Конкурска Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн 24 өтүнмө түшүп, анын шарттарына ылайык катышуучулар 2019-жылга жергиликтүү бюджетти түзүү боюнча коомдук угууларды өткөрүшү керек болчу. Маалымат өнөктүгүнүн сапаты, берилип жаткан маалыматтын толуктугу, даярдалган материалдардын жеткиликтүүлүгү жана калк менен кайтарым байланыш – булар баалоонун критерийлери болгон. Ошону менен бирге жашыруундуулукту сактап, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан объективдүү баа берилишин камсыздоо максатында бардык конкурстук өтүнмөлөр иштелип чыгып, муниципалитеттердин аталышынын ордуна коддор коюлуп, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилген.

Конкурстук комиссиянын чечимине ылайык, байгелүү орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

Төмөнкү беш айыл өкмөтүнүн ар бирине 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер ыйгарылды:

2018-жылы байге фонду 220 000 сомду түзгөн “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) ролу” конкурсу. Конкурс бейөкмөт уюму катары катталган жана Ош менен Нарын облустарындагы муниципалитеттердин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдарынын арасында өткөрүлүп, анын шарттарына ылайык ар бир уюм бюджеттик маалыматты ачыкка чыгаруу, жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу, жарандык коомдун ролун жогорулатуу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен калктын ортосундагы ишенимди жогорулатуу чөйрөсүндө өз тажрыйбасын жана жетишкендиктерин көрсөтүп бериши керек болчу. Конкурска түшкөн 10 өтүнмөнү карап чыккандан кийин Конкурстук комиссия жыйынтык чыгарып, ага ылайык төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

Мындан сырткары, төрт өтүнмөгө 15 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер ыйгарылды:

Жеңүүчүлөрдүн жана шыктандыруучу байге ээлеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, байге фондунун каражаттарына жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдуулар сатып алынып, форумдун жүрүшүндө өз ээлерине тапшырылды.

Скачать:
Проект: