Балдар - биздин келечегибиз!

21.11.2018 17:26
ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өнөктөшүүсүндө Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылдык аймагынын Большевик айылында жайгашкан бала бакчада кошумча тайпа ачууга шарттар түзүлдү.
Балдар - биздин келечегибиз!

Бүгүн, 2018-жылдын 21-ноябрында, Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылдык аймагынын Большевик айылында "Наристе-И" бала бакчасында кошумча тайпанын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага балдардын ата-энелери, бала бакчанын тарбиялануучулары, АӨ адистери, айылдык кеңештин депутаттары, Кочкор айыл аймагына коңшулаш жайгашкан айыл аймактарынын ЖӨБ органдарынын башчылары, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн, жергиликтүү ишкерлердин жана Долбоордун өкүлдөрү катышты. 

“Большевик айылында 450 үй-бүлө жашайт: 2128 адамдын 1128и – аялдар. Бала бакча 1995-жылы каражаттын жоктугунан улам жабылып, 2007-жылга чейин ачылган эмес. Бирок Ишенбүбү Токторбаева үмүтүн үзгөн эмес жана баштаган ишин улантуу максатында имаратты сактап калууга жан үрөп келди. Арадан өтө көп убакыт өткөнүнө карабастан, Ишенбүбү жергиликтүү жамаатка бала бакчанын ишин жандандырууну сунуштады. Ошентип, айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мекеменин ишин кайра баштоо тууралуу жашоочулардын демилгесин колдоого алды. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн атайын Демилгелүү топ түзүлүп, аны лидерлигине  райондогу эң жигердүү аялдардын бири, Кочкор районунун ден соолук комитетинин төрайымы Курманбаева Жумагүл тандалды. Бүгүнкү күндө бала бакчада эки тайпа бар жана мында 62 бала тарбияланат. "Наристе - И" бала бакчасында кошумча тайпанын ачылышынын натыйжасында 30 бала мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүн алды, – деди Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы.

Жергиликтүү тургундардын кубанычын тең бөлүшүү үчүн келген коноктор ар бири өз кезегинде куттуктоо сөздөрүн айтып, жылуу каалоо-тилектерин жолдошту.

Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев Кыргызстандын келечеги болгон балдардын мектепке чейинки билим алууларына шарттардын түзүлүп жана жакшырып бара жаткандыгы кубандырганын билдирди.

Кошумча тайпаны ачууну максат кылган бала бакчанын башчысы Токторбаева Ишенбүбүнүн жолунда бир топ тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар болду. Бирок "Бала бакчада кошумча тайпаны ачуу" деп аталган долбоор Курманбаева Жумагүл башында турган демилгелүү топтун колдоосу менен ишке ашты. Демилгелүү топтун жана биргелешкен мониторинг боюнча топтун курамына айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана бала бакчанын тарбиячылары киришти. 

Долбоордун жалпы наркы 1 100 000 сом түздү, анын ичинен 1 млн. сом ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун Чакан гранттар программасынан 2018-жылы бөлүнгөн, ал эми айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 100 000 сом бөлүп беришкен. Гранттык долбоорду ишке ашыруу учурунда сатып алуулардын жол-жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылган. Учурда бардык курулуш-ремонт иштери бүтүп, кызматкерлердин штаты эки жумушчу орунга көбөйдү – дагы бир тарбиячы жана анын жардамчысы ишке алынды.

Кошумча тайпанын ачылышы Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоорунун Чакан гранттар программасынын алкагында 2018-жылы өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында мүмкүн болду.

Сөз соңунда Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоорунун эмгек жамаатына жана каржылык колдоо көрсөткөн Швейцария өкмөтүнө ыраазычылык катын тапшырды.

Скачать:
Проект: