Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018 – 2023-жылдарга карата Программасы

03.11.2018 14:13
 Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018 – 2023-жылдарга карата Программасы

Токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №23-77-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 9 жана 10-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 31-октябрында №513 менен бекитилди.

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018 – 2023-жылдарга карата Программасы (мындан ары – Программа) жарандардын турмушунун сапатын жакшыртууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында реформаларды андан ары ишке ашыруу үчүн иштеп чыгарылган. 

Программада макулдашылган көз караштарды, максаттарды, артыкчылыктарды, милдеттерди, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну 2018-2023-жылдары өнүктүрүүгө багытталган негизги чараларды аткаруу боюнча кызыкдар тараптардын ишин координациялоого арналган.  

Скачать: