Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ичүүчү суу тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана камсыз кылуусу боюнча тажрыйба алмашуу семинары

24.09.2018 14:06
Иш-чарага айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, ИСКАКБлардын жетекчилери жана долобоордун өкүлдөрү болуп 78 адам катышты.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ичүүчү суу тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана камсыз кылуусу боюнча тажрыйба алмашуу семинары

2018-жылдын 21-сентябрында Булан-Соготуу айылындагы «Аврора» пансионатында Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы аркылуу каржыланып, ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында Кумбел айыл аймагынын «Кумбел булагы» ИСКАКБнын мисалында тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү. Семинарда Өнүктүрүү саясат институту учурда аткарып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун да Ош жана Нарын облустарындагы пилоттук айыл өкмөт башчылары катышышты. 

Тажрыйба алмашуу иш-чарасы учурунда айыл өкмөтүнүн, айылдык кенештин, БМжБ тобунун жана ИСКАКБнын ийгиликтүү кызматташтыгы боюнча 4 презентация сунушталды. ИСКАКБнын жетекчиси Тулеев Тимур мырзага абдан көп суроолор барилди. Суроолор ИСКАКБнын жүргүзгөн иши боюнча жана, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айыл өкмөтү менен болгон кызматташтык жөнүндө да берилди.

ИСКАКБнын жетекчиси Тулеев Тимур: «Биз экономикалык жактан туура негизделген бааны иштеп чыкканыбыз үчүн, бүгүнкү күндө коромжусуз иштеп жатабыз. Эң кыйын жагы калкка жаңы бааны кабыл алуу муктаждыгын далилдөө болду, себеби, эсептөөнүн натыйжасында баа эки эсеге көтөрүлгөн. АК депутаттары калк үчүн 18 сомдук бааны субсидиялоо чечтимин кабыл алды».

Кумбел АА «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун пилоттук айыл аймактарынын арасында Корумду айылынын суу системасын узартуу менен «Жаңы конуштардын жашоочуларын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу» максатында КЖАП иштеп чыгып, долбоор тарабынан жарыялаган гранттык сынакка катышып, өз планын ишке ашыруу үчүн, 5 миллион сом өлчөмүндөгү грант утуп алган. Долбоордун колдоосу менен суу менен камсыз кылуу системасы 5924 метрге узартылып, долбоордун жалпы суммасы 5852524 сомду түзгөн.

Аймактын тургундарын таза ичүүчү суу менен тейлөө кызматын жакшыртуу боюнча аракеттер планы өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Өкмөттүн планы инфраструктуралык жагын гана эмес (суу менен камсыз кылуу системасын куруу), эң негизгиси көрсөтүлгөн кызматтын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча аракеттерди да камтыган. Анын ичине, ишкананы натыйжалуу башкаруу үчүн кызмат тейлөөчү «Кумбел Булагы» ИСКАКБнын кызматкерлерин окутуу, экономикалык туруктуулукту багыттаган атайын ыкма менен негиздүү тариф эсептөөлөрдү кабыл алуу иш-чаралары да кирген.

Кумбел айыл өкмөтү «Кумбел булагы» ИСКАКБнын кызматкерлери менен биргеликте атайын методика боюнча төлөмдөрдү эсептеп, иштелип чыккан жаңы тариф коомдук угууда катуу талкууга алынып аймактын калкы тарабынан кабыл алынган. 1 м3 суунун күнүнө болгон мурунку баасы 15 сом болсо, жаңы эсептөө боюнча 1 м3 суунун баасы 45 сомду түзүп, калк тарабынан төлөнүүчү баа 27 сом болуп, 18 сомдон турган айырмасы АӨ тарабынан субсидия катары төлөнүүсү кабыл алынган.

Скачать:
Проект: