Жарандык бюджет – бул жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылган реалдуу аспап

19.02.2018 16:27
Жарандык бюджет – бул жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыз кылган реалдуу аспап

Ош, Нарын, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы отуздан ашуун элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2018-жылдын жарандык бюджеттерин иштеп чыгышты. 

Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат МАМЫТОВдун айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдонгон мындай ыкма ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууга жардам берет. Ал эми жарандардын бюджет тууралуу маалыматка жетүү демилгеси Кыргызстандагы бийликтин бюджет айкындуулугунун индексин жакшыртууга багытталган.

“Жарандык бюджет түшүнүктүү тилде баяндалып, ар бир аймактын тил өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен даярдалат. Негизги максат – жарандардын каражаттарынын түзүлүшү жана аларды чыгымдоо тууралуу маалыматты калк үчүн түшүнүктүү тилде даярдоо. Бул финансылык документ Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, жашоочуларды жергиликтүү бюджет менен тааныштыруу үчүн даярдалат. Жарандык бюджетте кийинки жылга жамааттын артыкчылыктуу маселелери жана аларды чечүүгө багытталган финансы каражаттарынын көлөмү чагылдырылат. Себеби бюджеттин айкындуулук маселеси баарын кызыктырат – үй кожойкелерин да, жогорку кызматты ээлеген аткаминерлерди да. Бирок бюджет тууралуу маалыматты жөн эле алып коюу жетишсиз: биринчиден, аны түшүнүш керек; экинчиден, калкта жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүүгө таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү болушу керек. Дал ошондуктан Жарандык бюджеттин бирдиктүү форматы ар кандай түстө даярдалган документ түрүндө берилет, анда кирешелердин булактарынын түрлөрү жана чыгашалардын багыттары так сандар менен берилген”, - деп айтты Азамат МАМЫТОВ.

2018-жылы Жарандык бюджетти иштеп чыгып, жергиликтүү калк арасында жайылтуу ниетин билдирген беш облустагы бардык муниципалитеттер үчүн Долбоор техникалык жана финансылык жардам көрсөттү.

Жарандык бюджеттердин электрондук версияларын Долбоордун сайтынан таба аласыз:

Проект: