Бишкекте 2018-2023-жылдарга жергиликтүү деңгээлде муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралардын Планы тартууланды

14.02.2018 18:03
Бишкекте 2018-2023-жылдарга жергиликтүү деңгээлде муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралардын Планы тартууланды

2018-жылдын 14-февралында 2018-2023-жылдарга жергиликтүү деңгээлде муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар Планынын бет ачары өттү. Ага мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул план “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу алдында КР Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуунун түрдүү өңүттөрү боюнча маселелерди комплекстүү чечүү бул документтин негизги максаты болуп саналат. Документ эл аралык тажрыйбага; жергиликтүү маанидеги маселелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын турмуш тиричилигин камсыздаган функцияларга жасалган анализди; мындай кызматташтыктын тейлеме (кардарга негизделген) мүнөзүн уюштурууда бардык катышуучу тараптардын өз ара аракеттенүүсүнө жасалган анализди; укуктук жана уюштуруучулук анализди камтыгандыктан баалуу болуп саналат.

“2011-жылдан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча мыйзамдардын чөйрөсүндө өтө чоң иштер жасалды. Бирок биз муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жаатында бир топ боштуктарды көрүп турабыз. Биз бүгүн тартуулап жаткан План өз убагында чыкты жана зарыл документ болуп саналат”, - деп айтты КР Экономика министрлигинин Статс-катчысы Шаршеев А.О.

Планды тартуулап, аны жакшыртуу боюнча сунуштарды алгандан кийин План КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча Ведомство аралык комиссиянын кароосуна жиберилет.
 


 

Проект: