Нарын жана Ош облустарынын 23 айылдык аймагы Швейцария өкмөтү тарабынан 38 миллион сом грант алышат

13.03.2018 11:03
Аталган гранттык каражаттар артыкчылыктуу деп табылган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталат.
Нарын жана Ош облустарынын 23 айылдык аймагы Швейцария өкмөтү тарабынан 38 миллион сом грант алышат

2018-жылдын 12-мартында Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору 2018-жылдын Чакан гранттар программасына жарыяланган конкурстун жыйынтыктарын чыгарды. Чакан гранттар программасына катышуу үчүн Нарын жана Ош облустарынын муниципалитеттеринен 121 өтүнмө түштү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, КР Финансы министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун өкүлү, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Долбоордун өкүлдөрүнөн түзүлгөн Конкурстук комиссия жалпысынан түшкөн 121 (бир жүз жыйырма бир) өтүнмөнүн ичинен критерийлерге жана талаптарга шайкеш келген 80 (сексен) өтүнмөнү жекече карап чыгышты. Ар бир өтүнмө Чакан гранттар программасынын Жобосунун негизинде өз-өзүнчө 11 критерий боюнча беш баллдык шкала менен бааланды. Конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү ар бир өтүнмөгө коюп чыккан баллдарды кошкондон кийин конкурста эң көп балл алган 38 жеңүүчү аныкталды.

Долбоор Чакан гранттар программасына кызыгуусун билдирип, ага катышкан бардык катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирет. 2018-жылдын 23-мартында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен 2018-жылдагы Чакан гранттар программасынын конкурсунун жеңүүчүлөрү ортосунда Гранттык макулдашууга кол коюу боюнча иш-чараны өткөрүү пландалып жатат. Бул иш-чаранын так убактысы жана дареги тууралуу кошумча кабар беребиз.

2018-жылдагы Чакан гранттар программасынын конкурсунун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү долбоорлор табылды

Проект: