“Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” улуттук сынагы

14.02.2018 17:48
“Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” улуттук сынагы

Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жетекчилигинин алдында Дүйнөлүк акча апталыгын өткөрүү боюнча демилгелүү топтун курамында болуп, “Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” Улуттук сынагын жарыялайт.

Сынак Дүйнөлүк акча апталыгын (Global Money Week-2018) – жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык өнөктүктүн алкагында уюштурулууда. Апталыктын негизги максаты – финансылык билим алууга жана финансылык сабаттуулукка кызыктуу интерактивдүү иш чаралар аркылуу коомчулуктун көӊүлүн буруу, балдардын жана жаштардын акча менен туура пайдалануу туралуу маалымдуулугун жогорулатуу.

2018-жылы Дүйнөлүк акча апталыгы 12-мартынан 18-мартка чейинки мезгил аралыгында өтөт. Апталыктын 2018-жылдагы темасы (слоган) - “Акча маселелери мааниге ээ” деп коюлуп, улуттук валютанын 25 жылдыгына арналат.

“Сынак үч этап менен өтөт. Сынакка 2018-жылдын 12-марттан 18-мартка чейинки мезгил аралыгында жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды жана мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү пландаган Кыргыз Республикасынын бардык облустарындагы орточо жалпы билим берүүчү мекемелердин (мектептердин) администрациялары катыша алат. Бул этапта 25тен (жыйырма бештен) ашпаган мектеп тандалып алынып, материалдар жана кеп-кеңештер түрүндө колдоого ээ болушат. Орточо жалпы билим берүүчү мекемелердин администрациялары “Дүйнөлүк акча апталыгы – 2018” өнөктүгүнө катышуу каалоосу жана мүмкүнчүлүгү бар болгону тууралуу Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине өтүнмө жибериш керек. Өтүнмөгө апталыктын алкагында мектеп ишке ашырууну пландап жаткан иш-чаралардын планы тиркелүүгө тийиш. Ошону менен бирге мектеп бюджети боюнча коомдук угуулар сөзсүз түрдө өткөрүлүш керек. Мектептер Апталыктын алкагында иш-чараларды, анын ичинде мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүшөт. Биринчи этаптан өткөн бардык мектептер планда көрсөтүлгөн иш-чараларды, анын ичинде мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өз алдынча уюштуруп, өткөрүшү керек. Өнүктүрүү саясат институту жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду Апталыкты өткөрүүгө көмөктөшөт – материалдарды жана кеп-кеңештерди беришет” – дейт Гузель Жаналиева, сынакты уюштуруу боюнча ӨСИ өкүлү.

Сынак тууралуу Жобо жана толтурулуучу бардык тиркемелере төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: http://vap.kg/ky/about_project/vacancies/full/88.html 

 

Скачать:
Проект: