“Элдин үнү…” Долбоору Чакан гранттар 2018 сынагына табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт!

10.01.2018 15:00
“Элдин үнү…” Долбоору Чакан гранттар 2018 сынагына табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт!

Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор)
Чакан гранттар программасынын алкагында
2018-жылга карата долбоордук табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгы тууралуу 
жарыялайт!

Долбоордун негизги максаты – ЖӨБ органдарынын жоопкерчилигин жана жарандардын чечим кабыл алуу процессинде катышуусун бир кыйла жогорулатуу аркылуу, ЖӨБ органдарына бюджеттик каражаттарды ачык жана  натыйжалуу башкаруусуна көмөктөшүү. Бул Долбоордун алкагында чакан гранттар программасы ишке ашырылат (мындан ары Программа).

Программанын негизги максаттары төмөнкүлөр:

Гранттардын максаттуу багыты

Долбоордун Программасынын каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат. Долбоордук идеялар калктын катышуусу менен анкета жүргүзүүнүн, фокус-топтордун жана элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралардын (ЖМБА/PRA-сессиялар) жардамы менен аныкталган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек.

Арыз берүүчүлөр

Программага арыз берүүчүлөр – Нарын жана Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары боло алат.

Гранттык долбоорлордун узактыгы:  6 айдан ашпаш керек

Гранттын суммасы

Бир долбоор үчүн гранттын суммасы 1 миллион сомдон (болжол менен 15 600 швейцариялык франктан) ашпайт. Арыз берүүчү Конкурска 2ден ашык эмес долбоордук табыштама бере алат жана 2ден ашык грант ала албайт. Акча каражаты Кыргыз Республикасынын сому менен, Долбоорго кызмат көрсөтүүчү комерциялык банктын, которуу күнүнүн валюталык курсу менен которулат. Мында жамааттын салымы гранттык долбоордун жалпы баасынын 10% кем болбошу керек.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү

Долбоордук табыштамалар 2018-жылдын 15-февралы, саат 17.00дөн кеч эмес мөөнөттө Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Үмөталиев көч., 108 (Рыскулов көч. менен кесилишет). 

Сынак тууралуу Жобо жана Табыштама формасы төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: http://vap.kg/ky/about_project/vacancies/full/84.html 

Проект: