2019-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү календары бекитилди

18.12.2017 17:39
2019-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү календары бекитилди

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолун түзүү календары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 18-декабрындагы №160-Б буйругу менен бекитилди.

Аталган календарь 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын негизги багыттарын, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун бюджеттик пландоону регламенттештирүү, өз учурунда жана сапаттуу даярдоо максатында кабыл алынды. 

Көчүрүп алуу: 2019-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү календары