Бюджеттин түмөн сыры бар

24.08.2011 00:00
Үч баскычтуу бюджетке караганда – эки баскычтуусу артыкчылыкка ээ экенин турмуштук сынак көрсөттү.

Үч баскычтуу бюджетке караганда – эки баскычтуусу артыкчылыкка ээ экенин турмуштук сынак көрсөттү.

Бирок кыргыз макалы менен айтканда, албетте, орой сезилсе да айтууга аргасыздыктан «ит күлүгүн – түлкү сүйбөйт» болуп, райондук, облустук бийлик жерип турган чагы. Алар жергиликтүү бийликтин экономия жаатындагы авотономдуулугун саясый жагынан тушап, өз үстөмдүгүн көрсөтүп келе жатат. Бул ачуу чындыгы канчага созуларына эч ким кепилдикке өтө албайт.

11-12-13-августа Талас шаарындагы «Талант» мейманканасынын конференц залында «Бюджет темаларын массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу» долбоору» деген аталмадагы кезектеги трениг өттү. Акыркы жылдары Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз клубу «Кыргызстан-Сорос» фондусунун колдоосу менен массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин экономикалык темада кандайча сабаттуу жана компетентүү жазуу керектиги боюнча тренигдерди өткөрүп келе жатат. Ошол эле учурда өткөн жылы журналисттер арасында «Бюджет – бул жарандардын акча каражаты» деген аталмада улуттук сынак өткөрүп, анын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарын тапшырган. Быйылкы жылы да окутуу иштерин улантып, ага Талас жергесиндеги маалымат каражаттарынын журналисттери катышты.

Окутуунун максаты: жергиликтүү бюджетти чагылдырууга журналисттердин билимин жогорлатуу болсо; милдети: бюджеттин максаттары жана милдеттерине кеңири түшүнүк берүү менен улуттук, жергиликтүү деңгээлдеги процесстеринин баскычтарын мамлекеттик жана жергиликтүү муниципалдык тейлөө байланыштарын анализдеп аналиткалык макалаларды жазышына жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөгөн.

Деги эле Кыргызстандын экономикасынын күңгөй-тескейинин жакшы жагына оогон жылы катары 2007-жыл гана майнаптуу болгон. Анткени бул жылы экономикабыздын өсүш бериши эки баскычтуу бюджеттин артыкчылыгы аркылуу жетишилген. Кыргыз Республикасынын бюджетинин ички дүң продукциясынын кирешелеринин жана чыгашаларынын катышындагы өз баасынын (номиналдуу) көлөмү – 139 миллион 749, 4 миң сомго чыккан. Ошондо жалпы кирешенин акчалай бөлүгү – 31 миллион 420, 0 миң сомду түзгөн. Ал эми жалпы чыгаша бөлүгү – 31 миллион 298,5 миң сомго жеткен. Натыйжада жыл аягында бюджетти чыгаша (дефицит) менен аяктабай, тескерисинче, кирешелүү (профицит) чыгууга жетишилген. Тактап айтканда, 1 миллион 21,5 миң сом пайда менен чыккан. Демек, ички дүң продукцияга салыштырганыбызда +0,1 пайыз өсүштү берген. 2008-жылы үч баскычтуу бюджетке өткөндө жыл аягында –0,04 пайызга төмөндөө аркылуу 71 миллион 500 сом жетишсиздик менен чыкканбыз. 2009-жылкы көрсөткүч –1,9 пайыз болсо, 2010-жылы –5,2 пайызгатүшүп кеткен. Албетте, мунун өзүнүн себеби болуп, элдик революция жана түштүк окуяларынын терс таасири экономикага тийген. Үстүбүздөгүжылы бул –4,0 пайыздын тегерегинде болжолдонулган.

Кыскасы, тренингде журналисттер бюджет маселесин чагылдыруунун ыкмаларын өздөштүрүүдө басма сөз клубунун талдоо жүргүзүүсүндөгү (мониторинг) байкалган кемчиликтерге басым жасоо керектигине багыт алышты. 

Айрыкча жергиликтүү бюджеттин кандайча түзүлгөнүн аңдап-таанып, аны талдоого алууга болгон далалаттын арбын болушуна кызыгуусуна көңүлдүн борборун бурууга практикалык иштер менен айкалышырды.

Акырында айтаарыбыз, тренигдин алып баруучулары Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз клубунун коомдук президенти, «Айкын бюджет үчүн» альянсынын жана Өнүктүрүү саясат институтунун директору – Надежда Добрецова жана Туратбек Азимбакиевүч күн республикалык жана жергиликтүү боюджет темасы боюнча, ошону менен бирге эле аны кантип журналисттердин чагылдыруусу керектиги туурасындагы мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө кеп козгошту. Өтүлүп жаткан материалдардын маани-маңызын канчалык деңгээлде өздөштүрө алгандыгын билүү максатында тренигдин катышуучуларынан тесттерди алышты.