Чаек айыл өкмөтү аймактагы көйгөйлүү маселелерди жана аларды чечүү жолдорун камтыган Планды тартуулады

19.11.2017 10:06
Чаек айыл өкмөтү аймактагы көйгөйлүү маселелерди жана аларды чечүү жолдорун камтыган Планды тартуулады

2017-жылдын 17-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылдык аймагында жыйын болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө ЖӨБ органдары жашоочулар менен жергиликтүү жамааттын аныкталган көйгөйлөрүн жана аларды чечүү боюнча биргелешкен аракеттер Планын талкуулашты. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары көйгөйлөрдү чечүүдө жана пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө (демилгелүү топтордун (ДТ) курамы) жана биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна (БМжБ) активдин катышуусун да талкууга алышты. Аталган План жана ага чейинки даярдоочу иш аракеттер Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Жыйын маалында айыл өкмөтүнүн (АӨ) адистери ЖМБА-сессияларды (жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо) жана бардык курактагы, жыныстагы топтордун катышуусу менен фокус-топторду өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу аймактын жашоочуларына толук маалымат беришти. Бул иш-чаралар айылдык аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо максатында өткөрүлгөн. Иш-чарада муниципалитеттин аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрү кеңири талкууга алынды. Ошондой эле ЖӨБ органы чогулуштун катышуучулары менен ААнын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча ДТ мүчөлөрүнүн жана БМжБТ мүчөлөрүнүн тизмесин макулдашты. Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча БАПты иштеп чыгуунун жыйынтыгын талкуулоо чогулуштун негизги жана өзөктүк учуру болду. Мында ар бир аныкталган көйгөй боюнча аларды чечүү жолдору, анын ичинде мөөнөттөрү, жооптуулар жана пландалган каржылоонун көлөмү талкууга коюлду. 

Катышуучуларга тиешелүү маалымат берилген соң, уюштуруучулар жергиликтүү калктын катышып жаткан өкүлдөрүнөн түшкөн суроолорго жооп берип, убакыттын тардыгынан улам, жетишпей калган тараптардан сунушт-пикирлерди жана суроолорду жазуу жүзүндө кабыл алышып, аларга болгон жооптор АӨ тарабынан даярдалып, маалымат такталарга илине тургандыгын айтышты.

Жыйындын катышуучуларынын арасында отурган райондун акими Сапаров Адыл сөз алып, талкууга катышкандарга жана Чаек АӨ менен өнөктөш катары кызматташып, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан швейцариялык долбоорго ыраазычылыгын айтып өттү. Ыраазычылыгынын белгиси катары Долбоордун облустагы координатору Акысбек Досоевге Жумгал районунун ардак грамотасын тапшырды. 

Толук маалымат

Проект: