“Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун жыйынтыктары чыкты

20.10.2017 17:48
Толук маалымат үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg
“Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун жыйынтыктары чыкты

2017-жылдын 20-октябрында Бишкекте “Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун жыйынтыктары жарыяланды. Бул конкурс 2017-жылдын июнь айында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында жарыяланган. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарып келет. Жалпысынан конкурска үч облустан 64 өтүнмө түшкөн: Чүй – 36, Ош – 13 жана Нарын – 15.

Конкурс жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү мисалдарды аныктоо максатында уюштурулган. Муну менен конкурс ийгиликтүү демилгелердин авторлоруна дем берип, тажрыйбаны андан ары кеңири жайылтуу максатын көздөдү. Ошондой эле конкурс Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттардын өнөктөштүгү менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана иштин алдыңкы усулдарын колдонууга да көмөктөшүшү керек болчу. Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар конкурска катышуу укугун алышкан. Булар жергиликтүү жамаат үчүн пайдалуу болуп, башка айылдык аймактарда колдонулушу мүмкүн иш-чараларды өткөрүшкөн. Купуялуулукту сактап, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү объективдүү баа бериши үчүн бардык конкурстук өтүнмөлөрдө муниципалитеттердин аталышынын ордуна коддор коюлуп, ошондон кийин гана мүчөлөрдүн кароосуна жиберилген.

Бул жылы Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы муниципалитеттер арасында жарыяланган “Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун байге фонду 765 000 сомду түздү.

Конкурстук комиссиянын курамы: КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Исалиева В.А., “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын директору Гайбулина Р.М., Өнүгүү демилгелер агенттигинин өкүлү Сабыр кызы Гүлзада, Долбоордун өкүлү Мусаева А. жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү Исмаилов А.К. ар бир өтүнмөнү жекече карап чыгып, баа берип, байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштүрүштү:

Ошондой эле Конкурстук комиссия төмөнкү 15 өтүнмөгө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге берүү тууралуу чечим кабыл алды:

Буга кошумча комиссия дагы 7 өтүнмөнү белгилеп, 10 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:

Конкурстун шарттары боюнча бардык байге каражаттары жергиликтүү жамааттын ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, ошондой эле коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн арналган жабдууларды сатып алууга багытталат. Шыктандыруучу байгелердин ээлери да жеринде коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон түрдүү жабдууларды сатып алышты.

Бул демилгелер тууралуу толук маалыматты “Муниципалитет” журналынын ноябрь айындагы санынан окуй аласыз.

Проект: