"ЖАКШЫ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР - 2017" плакаттардын Улуттук сынагы: КИМ ЖЕҢДИ?

11.10.2017 16:26
"ЖАКШЫ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР - 2017" плакаттардын Улуттук сынагы: КИМ ЖЕҢДИ?

Сынак Кыргызстандын аймагында 2017-жылдын 1-майынан 1-октябрга чейин өткөрүлдү. Сынактын шарттарына ылайык, ага 14 жаштан жогору Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле өлкөдө туруктуу жашаган адамдар катыша алмак; кесипкөй сүрөтчүлөргө жана дизайнерлерге, ошондой эле чыгармачыл адистикке окуган студенттерге да сынакка катышууга уруксат берилген.

Сынакты Өнүктүрүү саясат институту, Гуманитардык Долбоорлоо Институту жана “Муниципалитет” журналы уюштурду. Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы (SDC) каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору сынакка финансылык колдоо көрсөттү. Сынакты уюштурууга Дизайн.КГ, Кыргызстандын Сүрөтчүлөр Союзу, Чуйков атындагы Көркөм окуу жайы, “СХ” журналы көмөктөштү.

“ЖАКШЫ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР – 2017” плакаттар сынагы Кыргызстанда ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат. Сынактын максаты – ЖӨБго байланышкан көйгөйлөрдү гана көрсөтпөстөн, ошону менен бирге бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун, ЖӨБдүн ийгиликтүү ишинин мисалдарын да чагылдыруу. Сынакка катышууга ар кандай техникада аткарылган автордук плакаттар кабыл алынды. Бирок бир автор (же авторлор тобу) үчтөн ашпаган эмгегин жибере алмак. Плакаттар графикалык, шрифттик же фотографиялык элементтерди камтышы керек болчу. 2012-жылы жана 2014-жылы өткөрүлгөн сынактар бай материалдарды чогултту, алардын көбү «Муниципалитет” журналында жарыяланып, аларды журнал өз тексттерине иллюстрация катары колдонгон. 2017-жылы сынакка 84 автордон 178 плакат түштү: Оштон – 10, Жалал-Абаддан – 2, Ысык-Көлдөн – 12, Бишкектен – 26”, - деп айтты Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда Добрецова.

Конкурстук комиссия бардык сүрөттөрдү карап чыгып, 10-октябрда сынактын жыйынтыктарын чыгарды. Ошентип, байгелүү орундар төмөнкүдөй болуп бөлүштүрүлдү:

Жеңүүчүлөр:

“Аялдар жана ЖӨБ” атайын байгеси:

Шыктандыруучу байгелер:

18 жашка чейинкилер тобунда мыкты иш:

“Шаар демилгелеринен” атайын байге: Асель Ормокеева (Ош) “Дарыя” 
Кураторлордон атайын байге: Жалын Кыргызбаев  (Жалал-Абад), 15 жашта “Кордобо”


“Өнүктүрүү саясат институтунан байге”: төмөнкү авторлорго 2500 сомдон жана сувенирлер берилди:

Проект: