ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат менен өз ара аракети: натыйжаны кантип жакшыртса болот?

23.10.2017 16:05
Кошумча маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл Жаманкуловага төмөнкү жолдор аркылуу байланышыңыз: тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg
ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат менен өз ара аракети: натыйжаны кантип жакшыртса болот?

2017-жылдын 24-октябрынан 17-ноябрына чейинки аралыкта Ош жана Нарын облустарынын райондук борборлорунда «ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат менен өз ара аракети: коомдук катышуунун, чогулуштардын жана жашоочулардын жыйындарынын түрлөрү» деген аталышта бир күндүк семинар-тренингдер болуп өтөт. Иш-чараларга жалпысынан 240 адамдын катышуусу пландаштырылган.

Семинар-тренингдер Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.  

«Биз өткөрүп жаткан тренингдердин максаты – айыл өкмөттөрүнүн (АӨ) адистеринде жана айылдык кеңештердин (АК) депутаттарында коомдук иш-чараларды өткөрүү көндүмдөрүн жакшыртуу жана Демилгелүү топтордун мүчөлөрүн коомдук иш-чараларга катышууга түртүү. Анткени жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу – бул башкаруу системасынын демократиялуулугунун белгиси. Катышуу да чыныгы, реалдуу, баары үчүн бирдей болуш керек. Башкача айтканда, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу тараптардын өнөктөштүгүн билдирет. Өз ара көз карандуулукка, өз ара урматка, жамааттагы турмуш-шартты жакшыртуунун үстүнөн биргелешип иштөөгө даярдыкка негизделген өнөктөштүк. Тренингдердин жүрүшүндө биз катышуучулар менен биргеликте элеттик чогулуштарда каралчу маселелер, чогулуштардын мезгилдүүлүгү жана аларды өткөрүү демилгеси, чогулуштарды уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелери жана жол-жоболору: пландоо, чогулушка чейин жана андан кийин маалымдоо тууралуу маселелерди карайбыз. АӨ башчыларынын жана адистеринин, Демилгечи топтор менен Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрүнүн, АК активдүү депутаттарынын өкүлдөрүнөн турган тренингдин катышуучулары, окутуунун материалдарынын теориясын алып гана тим болбостон, ал теорияны алдыда өткөрүлүүчү айыл жыйындарына даярдык көрүүдө жана аларды өткөрүүдө колдонушат», - деп айтты Анара Мусаева, тренер, Долбоордун адиси. 

Семинар-тренингдердин өткөрүү графиги:

 

Проект: