Муниципалдык менчик - бул негизги ресурс

12.09.2011 00:00

Үстүбүздөгү жылдын 11-август күнү Жалал-Абад шаарында Өнүктүрүү саясат институту (DPI) тарабынан уюштурулган Жалал-Абад областынын 10 айыл округунун ментор-адистери катышкан форум өткөрүлдү.

Аталган форум Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун (ЕККУ) каржылоосу менен ишке ашып жаткан «Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдардын алдын алуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын дараметин күчөтүү долбоорунун алкагында болуп өттү.

Форумду алып барган долбоордун техникалык менеджери муниципалдык менчик менен иш алып баруу боюнча адис Гүлайым Шамшидинова форумдун максаты, айыл округдарындагы иштердин абалы, муниципалдык менчик менен иш алып барууга карата мамилелер туурасындагы айрым суроолорго өз пикирин айтып кетти.

- Форумдун максаты эмнеде?

- Аталган форум айыл округдарынын иш-аракеттерин талкуулоо жана талдоо аркылуу төмөнкү учурларга көңүл буруу максатын көздөгөн: муниципалдык менчик менен иш алып баруудагы дурус тажрыйбаларды алмашуу; жалпы көйгөйлөрдү аныктоо менен бирдиктүү жана оперативдүү чечимдерди кабыл алуу жолдорун издеп табуу; айыл округдарында (АО) муниципалдык менчик менен иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан аркы иш пландарды аныктоо. Аталган 3 область боюнча 30 АОну пилоттук программа менен иштөөгө тандап алганбыз, булардын ментор-адисттерин 3-5майда Ош шаарында атайын семинар-тренингде окутканбыз жана бул форумга чейин жеринде тиешелүү иштерди аткарып келүүлөрү үчүн атайын үй тапшырмалар дагы берилген. Бул жерде ар бир АО адистери ошол тапшырмалар кандай аткарылганын айтып берүүлөрү каралган.

- Алар кандай тапшырмалар эле жана булардын даярдыктары туурасында айтсаңыз?

- Буларга өтө манилүү 4 тапшырма берилген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын16-ноябрындагы №531-токтомунун негизинде мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген обөекттердин тизмеси менен иш жүзүндө кабыл алынган обөекттердин тизмесинин ортосундагы айырмачылыкты, себептерин аныктап, андан аркы кадамдарды жасоо; мунципалдык менчик укуктарынын мамлекеттик каттоо абалын, тактап айтканда, каттоодон толук өткөнбү же жокпу, каттоо карточкаларынын, кадастрдык пландын көчүрмөлөрүнүн бар же жок экендигин аныктоо; мунципалдык менчик обөекттери боюнча инвентаризация жүргүзүү, реестр түзүү, жергиликтүү калктын реестр жөнүндө маалымат алуусун камсыз кылуу жана кандай формада камсыз болгонун көрсөтүү; муниципалдык мүлк обөекттеринин классификациясын даярдоо жана айыл кенешинин сессиясында бекитүү, муниципалдык мүлк обөекттерине укук берүү принциптерин, эрежелерин аныктаган документти (жобо) иштеп чыгуу.

Эми даярдыктарына токтолсом, бул форумга эч кандай даярдыгы жок эле келишиптир, бирок түшүнүктөрү ар бир суроону тактаганда бир аз кеңейп жатканы байкалды, бири-бирине чаташтырбай түшүнө башташыптыр. Биз окуткан учурда түшүнүктөрү өтө начар эле, анан ошондон улам дагы бизде булар канчалык денгээлде түшүнө алышты деген кооптонуу болгон, түшөнбөсө аткарылышы кыйын да, ошондуктан бул форум пландан тышкаркы тартипте, алдынала текшерүү иретинде өткөрүлдү десе болот.

- Тапшырмалардын толук денгээлде аткарылбган себептерин эмнеден көрөсүз?

-Булар менен сүйлөшсөм талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учур, суу көгөйү курч бойдон алып жатканын айтышты. Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда суу маселесинин тегерегинде атайын штабдар түзүлүп, АО башчылары, акимдер, губернатор, ички иштер бөлүмү чогуу иш алып барышыптыр. Бул эми түшүнүктүү. АОнун башчыларынын бул ишке кызыкчылыгы аз, андай эле маани беришпей, колдоо таппай жаткандарын айтышты. Андан кийинки шылтоо бул убакыттын жоктугу экен.

- Сиз бул жүйөлөр менен макулсузбу?

- Жогорудагы эки шылтоону аргасыз түшүнүүгө болот, бирок убакыт жок дегенге макул эмесмин, үч жарым ай ичинде эки аптада бирден тапшырманы аткарышса дагы бир топ жылыштар болмок. Ишти аткарбайм дегенге шылтоо дайым табылат.

- Эми ушул иш-аракеттердин жаңжалдарды болтурбоодогу орду кандай?

- Муниципалдык менчик - бул негизги ресурс, ар бир АОнун карамагында мунципалдык менчик деген социлдык обөекттерден тышкары, үйлөр, жерлер бар, аларды ижарага берип же сатып акча тапса болот, Бүгүнү күндө эң талаштуу маселе бул – жер. Деги эле, адам баласы жаралгандан бери чыр-чатактар жер талаш менен коштолуп келет, кошуналар, айылдар, АОлор, шаар, райондор, мамлекеттер, улуттар арасында, ж.б. Бул өтө татаал маселе. Жер басып алуу, чыр-чатактар мына ошол жер маселесине кайдыгер кароочулуктан, иштеги тартиптин, жоопкерчиликтин жоктуган келип чыгууда. Айрым муниципалитеттер бул ишти дагы деле жашкы түшүнбөй жатышканын, аларда түшүнүүгө ынтызарлыктын жок экенин да танууга болбойт. Ошол эле учурда, бул менчиктин башын толук ажыратып, мыйзамдаштырып, ашыкча деген жерлерди ижарага берип, андан кошумча киреше тапкандар да жок эмес.

- АО башчылары бул иштерге эмнеге маани беришпейт,- деп ойлойсуз?

- Жалпылап айтканда, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын иш-аракети мыйзам боюнча көз карандысыз болсо дагы, алар акимдердин, губернаторлордун буйругун күтүп, угуп иштегенге көнүп калышкан. Бул биздин менталитет. Өзүнчө жол издөө, демилге, сунуштар менен чыгуу аракеттери артта калууда. Бир эле мисал, биз буларга 2000 евро суммасында грант алуу мүмкүнчүлүгүн дагы айтканбыз. Бул грантка бири-бири мнен чектешип турган айыл округдарынын ортосундагы талаштуу маселелерди чечип алуу үчүн биргелешип заявка берүү керек эле. Бирок, буга бирөө да кызыккан жок. Атайын ушундай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканда алар муну натыйжалуу пайдаланып калуу аракеттерин көрүп, кыйладан бери кароосуз калган иштерин алдыга жылдырууга кызыккан болушса, өздөрүнө тиешелүү аймактагы көз карандысыздык, коопсуздук, тынчтык маселелерин камсыз кылууга боло турганын да сезе алышмак.

- Жогоруда айтылган тапшырмалар боюнча иштердин жыйынтыгы качан белгилүү болот?

- Буйруса, 2011-жылдын октябрь айынын аягында бул долбоордун чегинде аткарыла турган үй тапшырмаларынын толук жыйынтыгы боюнча форум өткөрөбүз. Форумга ошол эле үч областтан пилоттук программа боюнча иштеп жаткан 30 ментордук жана шефке алынган 90 АО катышат. Мында 30 АОнун ментор адистери аткарган иштеринин жыйынтыктарын жана шефке алынган, аларга чектеш турган 90 АОго бул иштерди канчалык денгээлде үйрөтө алышкандыктарын көрсөтүүлөрү тийиш, тактап айтканда, 90 АОнун адистери дагы үй тапшырмаларынын аткарылышын көрсөтүп, айтып беришет.

Ошондой эле, боло турган форум – долбоорду иш жүзүнө ашыруу жыйынтыгын чыгаруу: муниципалдык менчик менен иш алып барууда айылдык муниципалитеттер кандай жетишкендиктерге ээ боло алышты; АО тарабынан долбоорду жүзөгө ашырууда кандай көйгөйлөр орун алды жана аларды жоюу сунуштарын талкуулоо; муниципалдык менчик менен иш алып барууда бардык пилоттук АОлордо андан аркы пландарды түзүү максатын көздөйт. 

АО башчылары бул иштерге эмнеге маани беришпейт,- деп ойлойсуз?