ТЫҢ ЖАШОО: УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ - 2017 Плакаттар сынагы

10.05.2017 11:03
Сынактын өнөктөштөрү: Дизайн.kg порталы, Кыргызстан Сүрөтчүлөр биримдиги, Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайы жана «СХ» журналы.
ТЫҢ ЖАШОО: УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ - 2017 Плакаттар сынагы

Уюштуруучулар: Өнүктүрүү саясат институту, Гуманитардык долбоордоо институту жана «Муниципалитет» журналы

Катышуучулар: Кыргыз Республикасынын 14 жаштан жогору жарандары, жана ошондой эле КРде туруктуу жашаган жарандар. Кесипкөй сүрөтчүлөр менен дизайнерлердин жана чыгармачыл адистиктеги студенттердин катышуусу кубатталат.

Сынакка «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоору тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарат

Сынактын өткөрүлүүчү мөөнөттөрү: 1.05 - 15.09.2017

«Ушул тапта, ушул жерде» Плакаттар сынагы Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат. 2012-2014-жылдарда өткөн сынактарда көптөгөн материал чогулуп, Бишкектеги Улуттук Көркөм өнөр музейинде, андан кийин Ош жана Каракол шаарларында чоң көргөзмөлөр өткөн; плакаттар жана календарлар басып чыгарылган.
Мындан сырткары, сынакка катышкан көп эмгектер «Муниципалитет» журналында тексттерге иллюстрация катары колдонулган. Бирок заман өзгөрүүдө: жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүгүп жатат, кандайдыр бир маселелер ийгиликтүү чечилүүдө, кээ бирлери чечилбестен калып жатат жана албетте, жаңы көйгөйлөр пайда болду. ЖАРАНДАРДЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУГА КАТЫШУУСУ сыяктуу жөнөкөй эмес маселени визуалдаштырууга плакаттар көрүнүктүү жана түшүнүктүү кылууга жардам берет деген мурдагы конкурстардын ийгилиги менен бекемделген ишеним бар.

Сынактын тапшырмалары: ЖӨБ менен байланышкан көйгөйлөрдү гана эмес, аларды чечүү жолдорун жана ЖӨБдун ийгиликтүү иштери тууралуу мисалдарды көрсөтүү.

Байгелер
Жалпы байге фонду 160 000 сомду түзөт, анын ичинде:

Сынактын темасы:

Уюштуруучулар жеңүүчүлөр ортосунда каражаттарды бөлүштүрүүнү өзгөртүү, ошондой эле байге фондун толугу менен колдонбой коюу укугуна ээ.

Маанилүү: мыйзамга ылайык, байге каражаттарынан салык алынат

Автордук укуктар: Бардык укуктар плакаттардын авторлоруна тиешелүү. Уюштуруучу (ӨСИ) сынакка түшкөн иштерди ММКда жана башка басма продукцияда жарыялоо, ӨСИ басылмалары үчүн жана ушул долбоордун көргөзмөсүнүн жарнагы үчүн колдонуу укугуна ээ. Сынакка иштерин өткөрүп жатып, автор сынактын шарттарына макул болгонун тастыктайт.

Плакаттар сынагынын эрежелери:
Сынакка А3 көлөмүндөгү каалаган техникада (компьютерге же колго) жасалган автордук плакаттар кабыл алынат. Бир автордон (авторлор тобунан) 3төн ашпаган иш катыша алат. Плакаттар өзүнө графикалык, шрифттик (кыргыз, орус же өзбек тилдериндеги ураандар) же фотографиялык элементтерди камтый алат. Арткы бетине төмөнкүлөрдү жазыңыз:

Плакаттын алды жагында автор (авторлор) тууралуу эч кандай маалымат БОЛБОШ КЕРЕК. Болбосо ошол иш сынакка катышпайт.
Бардык иштер чапталган конвертте 2017-жылдын 15-сентябрына чейин кечки саат 17:00 дөн кечиктирбестен төмөнкү дарек боюнча тапшырылыш керек: Бишкек, Үмөталиев көч., 108, Өнүктүрүү саясат институту.
Маалымат алуу үчүн тел.: +996 (312) 996 312, +996 (312) 976-530, +996 (312) 976-531.
Кураторлор: Наталья Андрианова жана Гамал Боконбаев.
Координатор: Жылдыз Керимова (0555 43 26 60)

Пайдалуу шилтемелер:

 

Скачать:
Проект: