Мектеп бюджети ачык-айкын болуш керекпи?

16.03.2016 11:15
2016-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 13 мектепте бюджеттик угуулар өтөт.
Мектеп бюджети ачык-айкын болуш керекпи?

2016-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 14 мектепте бюджеттик угуулар өтөт. Угуулар мектеп жетекчилигинин окуучулар жана алардын ата-энелери алдындагы ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлөт. Угууларга мектептердин камкорчулар кеңеши, райондук администрациялардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышат. Бардык 14 мектеп “Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууда жарандардын реалдуу катышуусу” аттуу Улуттук сынактын биринчи турунан өтүшкөн жана Өнүктүрүү саясат институтунун өнөктөшү болушкан. Бул сынак Кыргызстандагы Дүйнөлүк акча апталыгынын (Global Money Week) алкагында өлкөнүн бардык мектептеринин арасында жарыяланган. Апталык жыйынтыкталгандан кийин бардык мектептер өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу деталдуу отчет беришет, алар Сынактын экинчи турунда мелдешет.

2016-жылдын 14-мартында Ош облусунун Ноокат районундагы К.Бобулов ат. орто мектепте жана Баткен облусунун Лейлек районундагы “Андарак” орто мектебинде бюджеттик угуулар өткөн. Программага 2015-16-окуу жылына мектептин бюджеттик каражаттарын колдонууну, ошондой эле 2016-17-окуу жылына бюджет долбоорун талкуулоо кирген. Мындан тышкары катышуучулар каражатты эффективдүү пайдалануу жана коомчулукту, анын ичинде ата-энелерди да мектепти башкарууга жигердүү тартуу тууралуу маселелерди талкуулашты. Анткени бюджеттик процессти ачык-айкын жүргүзүү ата-энелер үчүн ишенимдин кепилдиги болуп эсептелет. Катышуучулар бюджеттик угууларды өткөрүү кажылоонун айкындуулугуна көтөктөшүп, мектептерде каражаттарды эффективдүү пайдаланууну жогорулатууга жардам менен. Мунун натыйжасында балдардын билим берүү сапаты жогорулап, мугалимдердин мотивациясы да көбөйөт. Мектептердин координаторлору кабарлагандай, иш-чараларга 400дөн ашык киши катышты.

Мындан тышкары 14-марттан 18-мартка чейин Кыргызстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк акча апталыгынын алкагында мектептерде презентациялар, оюндар, дебаттар, түрдүү сынактар, банктарга жана финансы мекемелерине экскурсиялар уюштурулуп, чакырылган эксперттердин катышуусунда финансы сабаттуулугу боюнча ачык сабактар жана семинарлар өткөрүлдү. Бул эксперттер жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, окуучуларга акчаны кантип пландап, сактап, көбөйтсө болору тууралуу кенен маалымат беришет.

Буга чейин бардык мектептерге промо-материалдар берилген. Дүйнөлүк акча апталыгы өнөктүгүн жеринде дагы да кеңири жайылтуу, аудиторияны камтуу үчүн баннерлер, буклеттер, постерлер, футболкалар жана сертификаттар берилген.

Бул угуулар Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында өтүүдө.

Маалымат үчүн: Global Money Week – финансы сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга, акчаны башкарганды үйрөнүү зарылчылыгына, алдыга максаттарды коюп, аларга жетүү боюнча финансы пландарын иштеп чыгууга балдардын көңүлүн бурдуруу максатында ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү финансы келечеги үчүн кийинки муундун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган эл аралык окуя.

Проект: