Муниципалдык менчиктин мааниси эмнеде?

28.11.2011 00:00
Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун (ЕККУ) каржылоосу менен ишке ашырылган «Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдардын алдын алуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү долбоорунун алкагында өнүктүрүү саясат институту 22-ноябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад областынын 13 айыл округунун (АО) ментор-адистеринин, айрым АО башчыларынын катышуусунда жыйынтыктоо форумун өткөрдү.

Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун (ЕККУ) каржылоосу менен ишке ашырылган «Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдардын алдын алуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү долбоорунун алкагында өнүктүрүү саясат институту 22-ноябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад областынын 13 айыл округунун (АО) ментор-адистеринин, айрым АО башчыларынын катышуусунда жыйынтыктоо форумун өткөрдү.

Анда долбоор боюнча иштеп жатышкан пилоттук АОлордун тиешелүү адистери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-ноябрындагы №531-токтомунун негизинде мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген обөекттердин башын толук ажыратып, мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшү, каттоо карточкаларынын, кадастрдык пландын көчүрмөлөрүнүн камсыз болушу, инвентаризация, реестр жүргүзүлүшү, классификацияланышы, жергиликтүү калктын реестр жөнүндө маалымат алуусу боюнча аткарылган иштери тууралуу маалымат беришти (презентация).

Долбоордун техникалык менеджери, муниципалдык менчик менен иш алып баруу боюнча адис Гүлайым Шамшидинова форумда каралган маселелердин тегерегиндеги айрым суроолорго өз пикирин билдирди.

Форумга катышып жаткан АОлордун даярдыктарына кандай баа бересиз?

Бул долбоордун алкагында пилоттук АОлордун тиешелүү адистерин муниципалдык менчик менен иш алып баруу багытында окутуп, белгилүү тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын буга чейин да жумушчу форумдарды өткөрүү менен талдап турдук. Бул иштин башталганына 9 айдын жүзү болду. Азыркы форумда ошол эле иштердин жыйынтыгын чыгарып, көйгөйлөрдү аныктоо максаты коюлган. Аткарылган иштердин жыйынтыгына обөективдүү баа берүү максатында областтык мамлекттик администрациянын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу боюнча улуттук агенттиктин, ЕККУнун өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлүп, иштеди, өзүнүн тиешелүү баасын берет. Бегилеп кете турган нерсе, ошол пилоттук АОлор жайгашкан аймактардагы мамлекеттик каттоо мекемелеринин өкүлдөрү чакырылганына карабай, келишкен жок, бул өзүнчө бир көйгөй боюнча калып жатат.

Эми негизинен, айрым АОлорду, техникалык жактарын айтпаганда, дурус эле даярдыктар менен келишиптир. Окутуп, үйрөтүүнүн жыйынтыгында адистердин муниципалдык менчикке таандык деген мүлктөрдү аныктоо, ажыратуу, эсепке алуу, ж.б. тиешелүү иштерди аткаруу менен, муниципалдык менчиктин айыл округдарында мааниси чоң экенин да түшүнүп калышканын байкоого болот. Булар бизге ар бир тапшырма боюнча документтер топтомун тапшырышты. Бирок, бир эле иш бир нече документ менен тастыкталат эмеспи, биз ошолордун туура, так экендигин жеринде текшергенге үлгүрө алган жокпуз. Мисалы бир эле реестрди текшериш үчүн ар бир обөектти барып көрүш керек. Ошондой болсо да, буларды карап чыгуу биздин кийинки иш пландарыбызда бар.

Негизги көйгөйлөр энеге байланыштуу болуп жатат?

Негизинен акча каражатына байланыштуу болуп жатат. Мисалы мамлекеттик акт алыш үчүн акча керек. Ал эми бул пилоттук АОлордун көбү дотацияга көзкаранды. Аларда каяктагы акча. АОлордун башчыларынын, тиешелүү жетекчилердин бул багыттагы ишке астейдил маани бербей, кызыкпай жатышканы болуп жатат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары абдан чабал иштешет. Мыйзамдарды, муниципалдык менчик менен иш алып барууга тиешелүү мыйзам актыларын толук денгээлде билбегендик. Мыйзамды билишпесе кантип иштешет, компетенттүүлүк жок. АО башчылар, депутаттар деле, адистер деле өздөрүнүн ыйгарым укуктарын даана, так билбей жатышат. Ошондой эле мамлекеттик каттоо мекемелери менен кантип иш алып барууну билишпейт.

Бул АОлор боюнча иштер ушуну менен жыйынтыкталабы же дагы пландар барбы?

Биз, буйруса, 2012-жылы ушул эле пилоттук АОлор менен алардын аймагындагы, карамагындагы жерлердин муниципалдык менчикке тиешелүү экендигин тастыктоо, ажыратуу, менчик укугун берүү мехнизмдери боюнча ЕККУнун каржылоосу менен кайрадан окутуп, үйрөтүп, иштөө ниетиндебиз. Бул тууралуу ЕККУнун чечими чыгарылган.

Мындан кандай натыйжа болушу мүмкүн?

Кайталап кетсем, эгерде биз муниципалдык менчикте деген мүлктөр (обөекттер) боюнча иштеген болсок, эми жер аянттарынын муниципалык менчикке караштуулугу боюнча иш алып барабыз. Ошол менчиктеги жерлерди туура пайдаланып, туура иштетсе, киреше булагы пайда болот, киреше булагы максаттуу пайдаланылса, ошол жердин калкына маалымат ачык-айкын жетсе, экономикалык дагы, социалдык дагы маселелердин кандайдыр бир денгээлде чечилишине көмөк кошот. Ошондой эле, бул маселенин оң жактуу жана кечиктерилбей аткарылышы дагы жаңжалдардын алдын алуудагы аракеттердин арымы болуп калмакчы.

Кандай сунуш-пикирлерди айта кетесиз?

Эң биринчиден, АО башчылары бул ишке абдан кызыктар болуулары тийиш. Муниципалдык менчиктин эсебин толук тактамайынча, андар ары иштеп кетүүгө мүмкүн болбойт. Мыйзамдарды жакшы өздөштүрүш керек. Элге ачык-айрым маалымат жеткирип, депутаттарды ишке тартыш керек.

Мисалы Ноокат районуна караштуу Көк-Жар АО бир үй-бүлөдөй болуп, башчысы, депутаттары, адистери бир командада иштегендигинен эң сонун натыйжага жетишип отурушат. Ал жакка жакында барып келген башка АО өкүлдөрү, жетишилген ийгиликтерди өз көздөрү менен көрүп, суктанып келишти. Башкаларга да ушундай ийгиликтерге жетишүүнү каалайт элем.

Жок дегенде, бир АО ушул долбоордун чегинде алган, үйрөнгөн тажрыйбаларын пайдаланып, өз аймагында аукциондорду өткөрүп, акча таап, өз бюджетинин кирешесин көбөйтө алса, бул – жетишкендик!- деп сыймыктанып, кубанат элек.