“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

02.06.2016 13:25
Мыйзам 2016-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо системасын жана кызматчылардын натыйжалуу, жемиштүү жана жоопкерчиликтүү иштөөсүнө түрткү болуучу материалдык жана материалдык эмес мотивдештирүү механизмдерин жакшыртуу. Жыйынтыгында бул мамлекеттик башкаруу системасын жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.

Кабыл алынган Мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөөнүн бирдиктүү укуктук негиздери аныкталган. Кызматкердин ишмердигинин жыйынтыктары,  сиңирген эмгегине жараша баа берүү жана кызматка көтөрүү бири-бирине тыгыз байланыштырылган.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Проект: