Талас облусунун Өмүралиев айылдык аймагында элдик жыйын өттү

26.10.2015 09:41
2015-жылдын 15-октябрында Талас облусундагы Өмүралиев айылдык аймагынын Манас айылында элдик жыйын өттү.
Талас облусунун Өмүралиев айылдык аймагында элдик жыйын өттү

2015-жылдын 15-октябрында Талас облусундагы Өмүралиев айылдык аймагынын Манас айылында элдик жыйын өтүп, ага жаштар жана аялдар комитеттеринин, аксакалдар кеңешинин, жамааттардын, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар чакырылган.

Катышуучулар улуу муундан жаштарга каада-салттарды жана баалуулуктарды өткөрүп берүүгө жана алардын ишин улантууга багытталган “Аталардын жана бабалардын мурасы” долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышты. Бул долбоорду “Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук бирикмеси ишке ашырган. Элдик жыйында жергиликтүү мүнөздөгү актуалдуу маселелер жана кийинки пландар талкууланды. Долбоор муниципалдык социалдык тапшырык механизми аркылуу жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Бул ЖӨБ органы жергиликтүү бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген Талас облусундагы муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул жарандык коом уюмдары менен кызматташтык аркылуу социалдык көйгөйлөрдү кантип чечсе болорун жана чечиш керектигин көрсөткөн мисалдардын бири.

Элдик жыйындын катышуучулары жаңы ачылган Ресурстук жаштар борборуна чоң үмүт артып турушат. Аталган борбордо компьютерде иштөөгө жана комуз чертүүгө үйрөткөн курстар мындан ары да өтүп турмакчы. Өмүралиев айылдык аймагынын башчысы Айталиев К. долбоордун туруктуулугу үчүн курстар кийин акыга өткөрүлөрүн, бир окутуучунун маянасын төлөп берүү үчүн аны айыл өкмөттүн 2016-жылга бюджетине киргизүү маселеси каралып жатканын билдирди. Мындан тышкары жыйындын соңунда ата-энелерден турган жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ дагы көбүрөөк балдарды жана жергиликтүү тургундарды тартуу менен курстун ишин гана колдобостон, ошону менен бирге курстарды өткөрүүдөн түшкөн акчага да көзөмөл жүргүзөт.

Жергиликтүү бюджетке финансылык колдоону Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору көрсөттү.