Баткен облусунун Катран айылдык аймагында элдик жыйын

14.10.2015 15:53
2015-жылдын 15-октябрында Катран айылдык аймагынын Маданият үйүндө элдик жыйын өтөт.
Баткен облусунун Катран айылдык аймагында элдик жыйын

2015-жылдын 15-октябрында Катран айылдык аймагынын Маданият үйүндө элдик жыйын өтөт. Бул жыйын аймак үчүн маанилүү окуя болмокчу. Себеби анда жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, “Алтын-Бешик” балдар борборунун кызматкерлери жана аймактын тургундары чогулуп, ишке ашырылган “Балдар үчүн биригели!” долбоорунун жыйынтыктарын талкуулашат. Аталган долбоор мектепке чейинки курактагы балдардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Долбоор муниципалдык социалдык тапшырыктын алкагында ишке ашырылып, тапшырыкты “Инсан-Лейлек” коомдук фонду аткарган.

Катран айылдык аймагы алыскы муниципалитеттердин бири болуп эсептелет. Аталган аймакта мектепке чейинки курактагы миңден ашуун бала жашайт, ал эми жыл сайын эки жүздөн кем эмеси мектепке эч даярдыксыз келет. Дал ушул маселе эң артыкчылыктуу катары аныкталып, “Балдар үчүн биригели!” долбоору социалдык көйгөйдү чечүү максатын көздөгөн. ЖӨБ органдарынын, айыл тургундарынын, бала бакча жамаатынын жана Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоорунун биргелешкен аракети менен аймак үчүн көпкө күтүлгөн мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайда болду. Ал эмеректер, жабдуулар жана балдардын акыл-эсин өнүктүрө турган материалдар менен жабдылды. Тарбиячылардын квалификациясын жогорулатуу үчүн тренингдер жана ийгиликке жетишкен бала бакчаларга тажрыйба алмашуу сапарлары уюштурулду. Бул долбоордун ишке ашырылышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен БӨУнун кызматташтыгынын жана жергиликтүү маанидеги маанилүү көйгөйлөрдү чечүүнүн жакшы үлгүсүн көрсөтүүдө.

Иш-чаранын алкагында “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун кызматкерлери, ЖӨБдүн координатору жана муниципалдык социалдык тапшырыкты натыйжалуу аткаруу үчүн атайын тузүлгөн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү жетишкендиктер, кыйынчылыктар, салымдар тууралуу айтып берип, катышуучулардын суроолоруна жооп беришет. Мындан тышкары Балдар борборунун жетекчиси Ч.Абдурахаманова балдардын чыгармачылыктагы жана билим берүүдөгү ийгиликтери тууралуу баяндап берет.

Бул муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Анын алкагында муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берет. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.