Баткен облусунун Сумбула айылдык аймагындагы элеттик чогулуш

10.10.2015 09:18
2015-жылдын 13-октябрында Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан Сары-Дөбө айылында элеттик чогулуш өтөт.
Баткен облусунун Сумбула айылдык аймагындагы элеттик чогулуш

2015-жылдын 13-октябрында Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан Сары-Дөбө айылында элеттик чогулуш өтөт. Бул чогулушта Сумбула айылдык аймагы “Билек” коомдук фонду менен биргеликте жергиликтүү жамаатты “Сары-Дөбө айылында мектепке чейинки билим берүү борборунун ачылышы” долбоорунун жыйынтыктары менен тааныштырышат. Аталган долбоор социалдык муниципалдык тапшырыктын алкагында ишке ашырылган.

Бул долбоорду ишке ашыруудагы тажрыйбаны, жетишкендиктерди, аткаруучулар туш болгон көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды талкуулоо үчүн элеттик чогулушка 300дөн ашык катышуучу келет деп күтүлүүдө. Алардын арасында жергиликтүү жана аймактык бийликтин өкүлдөрү, мектептердин директорлору жана мугалимдери, социалдык кызматтарда иштегендер, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, “Айданек” мектепке чейинки билим берүү борборунун кызматкерлери, ата-энелер жамааты, ошондой эле Сары-Дөбө айылынын тургундары болот.

Кыргызстанда көпчүлүк элеттик жана шаардык муниципалитеттерде мектепке чейинки билим берүүгө жана балдарды тарбиялоого байланышкан көйгөйлөр арбын. Өзгөчө бул көйгөй алыскы айылдык райондордо курч турат. Айталы, Сары-Дөбө айылында эле мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар түзүлбөгөн, 2ден 6 жашка чейинки балдардын саны 120га жетет. Мектепке чейинки курактагы балдар толук кандуу билим алып, ойноп, тарбиячылардын көзөмөлүндө, курбалдаштарынын катарында жетиле тургандай шарттар менен балдарды камсыздоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги максаты болуп, айыл тургундары арасында кызуу талкуулардын предметине айланган.

2012-жылы Сумбула айылдык аймагы “Муниципалдык тапшырыктын негизинде жергиликтүү жамааттын социалдык чөйрөдөгү артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө БӨУ менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү” Долбоорунун пилоттук муниципалитети болуп калган. Бул долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат. Аймактын жашоочулары Жамааттын көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо иш-чараларына катышып, жергиликтүү мүнөздөгү алты артыкчылыктуу көйгөйдү аныктап чыгышкан. Ал эми элеттик чогулушта көпчүлүктүн добушу менен “Коммуна (Сары-Дөбө) айылында мектепке чейинки курактагы балдардын жетилүүсүнүн төмөн деңгээли” көйгөйү артыкчылыктуу деп табылган. Дал ушул көйгөй муниципалдык социалдык тапшырыктын негизи болуп калган жана ал биринчи жолу айылдык аймактын территориясында жайылтылган.

Социалдык тапшырыктын аткаруучусу болуп конкурс менен “Билек” коомдук фонду тандалып алынган. Аталган фонд 2015-жылдын башында социалдык тапшырыкты аткарууга киришкен. Бул долбоордун жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү борбору ачылган. Бул жерде капиталдык ремонттук-монтаж иштеринен тышкары борбордо иштей турган адистер тандалып алынып, алардын квалификациясын жогорулатуу максатында бир катар окутуучу иш-чаралар өткөрүлгөн. 2015-жылдын 15-майында ачылган Борбор 3төн 5 жашка чейинки 50 балага эсептелген. Бирок баласын борбордун педагогдорунун колуна тапшырууну каалагандардын саны бир кыйла көп. Борбордо мектепке чейинки сапаттуу билим берүү, ар бир баланын жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана керектөөлөрүн эске алуу менен аларды тарбиялоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Бул муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Анын алкагында муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берет. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.

Чогулуштун күн тартиби