ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында 2014-ж. бюджети боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт

25.06.2013 13:21
Коомдук угуулар 28-июндан 30-июлга чейинки аралыкта Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарында болуп өтөт.
ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында 2014-ж. бюджети боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт

2013-жылдын 28-июнунан 30-июлуна чейинки аралыкта ЭҮЖӨБОЖ долбоору иш алып барган Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын сынамык жана алар менен кошо окутууга катышкан айылдык аймактарда 2014-жылдын бюджети боюнча коомдук угуулар болуп өтөт. Аталган иш-чаралар Долбоордун техникалык жана кеңештик колдоосу менен өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айынын 15нен 30на чейинки аралыгында ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун адистери тарабынан «201-жылдын бюджети түзүү боюнча коомдук угуулар» деген аталышта атайын окутууларды өткөрүлгөн. Окутуулар райондук деңгээлде уюштурулуп, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын бардык айылдык аймактарын камтыган. 

Коомдук угуулар өткөрүлгөн соң эки облустун ЖӨБ органдары ЭҮЖӨБОЖ долбоору тарабынан уюштурулган “Жергиликтүү бюджетти түзүүдө жарандардын чыныгы катышуусу - 2013” сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул сынактын жалпы байге фонду 80 000 сомду түзөт.

Кийинки жылдын бюджети боюнча коомдук угуулардын графиги (сынамык эмес аймактарды кошкондо):

Ысык-Көл облусу:

  • Арал АА, Түп району - 27.06.2013
  • Улахол АА, Тоң району - 28.06.2013
  • Липенка АА, Жети-Өгүз району - 28.06.2013
  • Ак-Чий АА, Ак-Суу району - 28.06.2013
  • Тоң АА, Тоң району - 28.06.2013
  • Дархан АА Жети-Өгүз району - 28.06.2013
  • Төрт-Күл АА, Тоң району - 5.07.2013
  • Бостери АА, Ысык-Көл району - 15.07.2013

Жалал-Абад облусу:

  • Көк-Таш АА, Ала-Бука району - 25.06.2013
  • Сумсар АА, Чаткал району - 26.06.2013
  • Терек-Сай АА, Чаткал району - 28.06.2013
  • Тогуз-Торо АА, Тогуз-Торо району - 29.06.2013
  • Жаңы-Жол АА, Аксы району - 5.07.2013
  • Сакалды АА, Ноокен району - 5.07.2013
  • Багыш АА, Сузак району - 9.07.2013
  • Ленин АА, Ноокен району - 16.07.2013
  • Могол АА, Базар-Коргон району - 18.07.2013
  • Бешик-Жон АА, Базар-Коргон району - 23.07.2013
  • Акман АА, Базар-Коргон району - 26.07.2013

Чүй облусу:

  • Ивановка АА, Ысык-Ата району - 25.07.2013