Аймактардын форуму-2022: Бишкекте жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жолдорун талкуулашты

21.09.2022 10:50
Турар Бекболотов, коомчулук менен байланыш боюнча адис, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, +996 770 210555, tbekbolotov@gmail.com
Аймактардын форуму-2022: Бишкекте жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жолдорун талкуулашты

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “Аймактардын форуму – 2022” иш-чарасын өткөрүштү. Жергиликтүү башкарууда тажрыйба алмашуу боюнча жыл сайын уюштурулуп келген бул форумга 100дөн ашык адам катышты: мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү.

Ананьево, Жаңы-Арык, Ак-Жар жана Акман муниципалитеттеринин өкүлдөрү катышуучулар менен жергиликтүү ресурстарды жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү пайдаланып, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү, тыштандыларды ташып чыгаруу жана таза суу камсыз кылуу сыяктуу кызматтарды уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Бул айыл өкмөттөр жергиликтүү бюджетти жана тарифтерди ачык талкуулоо, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессине мониторинг жүргүзүү аркылуу жарандарды чечим кабыл алуу процессине да тарта алышкан.

“Күчтүү аймак - күчтүү өлкө деген ураан бекеринен жаралбаса керек. Жер-жердеги көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртсак элдин бийликке болгон ишеними жогорулайт. Анын негизгинде аймактардагы элибиздин жашоо-турмушу да жакшырат”, – деди өз сөзүндө Жаныбек Жалалов, КР Президентинин администрациясынын уюштуруу жана аймактар менен иштөө башкармалыгынын бөлүм башчысы.

Форум USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор өлкө боюнча 21 пилоттук муниципалитет менен иш алып барат. Долбоор аларды жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун укуктук негиздерине, тарифтерди эсептөөгө, стандарттарды даярдоого, жашоочулардын муктаждыктарын баалоого, жарандарды талкууга тартууга, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларына жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга үйрөтүп жатат.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс жарандарга кызмат кылууга, алардын муктаждыктарын угууга жана алардын жашоосун жакшыртуу үчүн чогуу иштөөгө даярдыгы үчүн “Аймактардын форуму – 2022” иш-чарасына катышкан муниципалитеттердин башчыларына ыраазычылыгын билдирди. “Жоопкерчиликтүү жана ак ниет башкаруунун маңызы мына ушунда” деди Кайя Адамс.

Форумдун алкагында катышуучуларга муниципалитеттер үчүн “Теңден теңге” өз ара окутуу платформасы, Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу жана муниципалдык кызматчыларды окутуу платформасы сыяктуу долбоор тарабынан колдоого алынган тажрыйба алмашуу боюнча башка демилгелер тууралуу маалымат берилди.

Аймактардын форуму 2022-жылдан 2025-жылга чейин USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында өтүп турмакчы.

# # #

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору – Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында ишке ашырылып жаткан төрт жылдык программа. Ал ЖӨБ органдары көрсөтүүчү жергиликтүү кызматтардын сапатын жогорулатуунун эсебинен 50 муниципалитетте жарандардын бакубатчылыгын жакшыртууга багытталган. Төмөнкү шилтемеден көбүрөөк маалымат алсаңыз болот: www.fb.com/SA2Project