Сенин үнүңдү баары уксун!

11.04.2022 17:25
Сенин үнүңдү баары уксун!

2022-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарындагы «City Hotel» мейманканасында муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүгүү программаларында социалдык жана гендердик сезимталдык принциптерин чагылдыруунун мыкты үлгүлөрү боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш-чараны КР ЖӨБ Союзу менен биргеликте Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу » уюштурган.

Социалдык жана гендердик сезимталдык деген эмне жана ал документте кантип чагылдырылышы мүмкүн? Муниципалдык өнүктүрүү программаларын талкуулоо жана иштеп чыгуу процессине коомчулуктун мүмкүн болушунча көбүрөөк өкүлдөрүн, өзгөчө калктын аялуу катмарын тартуу эмне үчүн маанилүү? 2015-жылы БУУ тарабынан кабыл алынган Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмесин аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде кандай кадамдар жасалышы мүмкүн?

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору калктын бардык катмарынын муктаждыктарын эске алуу үчүн жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгууга жарандардын активдүү катышуусу өтө маанилүү деп эсептейт. Аялдардын, жаштардын, майыптардын, этникалык азчылыктардын, аз камсыз болгон жарандардын пикирлери канчалык көп угулса, алардын кызыкчылыктарын чагылдырган өнүгүү программасын иштеп чыгуу ошончолук жеңил болот.

Долбоордун пилоттук муниципалитеттери өздөрүнүн Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгууда, мүмкүн болушунча көбүрөөк жарандарды тартууга жана мурда угулбаган үндөрдү угууга аракет кылышкан. 2022-жылдын февраль жана март айларында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 47 пилоттук муниципалитеттеринин арасында социалдык жана гендердик сезимталдыктын принциптерин чагылдырган муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн эң мыкты программасына сынак өткөрүлдү. Бул сынактын жыйынтыгы менен 6 жеңүүчү аныкталды. Дагы алты муниципалитет кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.

Пилоттук муниципалитеттердин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлордун жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн тегерек стол, аймактарды өнүктүрүү программаларында калктын аялуу катмарынын кызыкчылыктарын чагылдыруунун эң ийгиликтүү мисалдарын, аларды иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрүн жана келечекте эске алынышы керек болгон сабактарды талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Конкурстун жеңүүчүлөрү:

1-орун (200 000 сом):          Светлая Поляна АА (Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу)

                                          Чолпон-Ата АА (Токтогул району, Жалал-Абад облусу)

2-орун: (150 000 сом)          Теплоключенка АА (Ак-Суу, Ысык-Көл облусу)

                                          Токтогул ш. (Жалал-Абад облусу)

3-орун (100 000 сом):           Бостери АА (Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу)

                                          Масы АА (Ноокенский район, Жалал-Абад облусу)

Кызыктыруучу приздер (50 000 сомдон):

  • Кумбел АА (Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу)
  • Кызыл-Суу АА (Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу)
  • Жаңы-Жол АА (Токтогул району, Жалал-Абад облусу)
  • Оргочор АА (Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу)
  • Тоң АА (Тоң району, Ысык-Көл облусу)
  • Жаңы-Жол АА (Аксы району, Жалал-Абад облусу)