"УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу» плакаттар сынагы

24.01.2022 12:17
Сынактын жыйынтыгы чыгарылды!
"УШУЛ ТАПТА, УШУЛ ЖЕРДЕ: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу» плакаттар сынагы

2022-жылдын 21-январында Бишкек шаарында сынакка келип түшкөн плакаттарды кароо максатында жюри мүчөлөрү топтолушту.

Сынак иштери 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап 2022-жылдын 17-январына чейин кечки саат 17:00гө чейин кабыл алынды. Сынак тууралуу толук маалыматка шилтеме: http://dpi.kg/ky/about/tenders/full/173.html 

Сынак комиссиясы төмөнкү курамда болду:

  • Татьяна Зеленская, сүрөтчү – сынак комиссиясынын төрайымы;
  • Бекболот Бекиев, “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси;
  • Айнура Чандыбаева, Борбордук Азиянын ЖӨБ Академиясынын директорунун м.а.
  • Гамал Бөкөнбаев, искусство таануучу
  • Замир Ыманкалиев, КР ЖӨБ Союзунун эксперти;
  • Нюргуяна Иннокентьева, сүрөтчү, графикчи.
  • Жылдыз Керимова, “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун координатору, сынактын катчысы.

Бардык сынактык иштерди карап чыгып, комиссия сыйлыктарды ыйгарууну чечти:

  • 1 орун: Анатолий ЦЫБУХ (Ош ш.)
  • 2 орун: Дуйшөбек ИСКАКОВ (Чолпон-Ата ш.)
  • 3 орун: Айдана РУСЛАНОВА (Бишкек ш.)
  • 3 орун: Эрнест КАКИТАЕВ (Бишкек ш.)
  • Шыктандыруучу байге: Анастасия Колодяжная и Виктория ХОЛОПОВА (Бишкек ш.)
  • Шыктандыруучу байге: Мирлан уулу Мекен (Ысык-Көл обл.)
  • 14 – 18 жашка чейинкилер тобундагы мыкты иш: Саалай МОЛДОБАЕВА (Чолпон-Ата ш.)
  • 14 – 18 жашка чейинкилер тобундагы мыкты иш: Медеткан АЛИШОВ (Жалал-Абад ш.)
  • Симпатия сыйлыгы: Айжан ЧУНУЕВА (Каракол ш.)

“Сынактын башкы максаты – жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышууга болгон укуктары жөнүндө түшүнүктү визуалдык образдар жана көркөм чечмелөө аркылуу кеңейтүү болгон. Бардыгы болуп сынакка иш келип түштү. Сынактын жалпы байге фонду – 130 000 сом. Байге фондунун каражаты Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан берилген, - деди Жылдыз КЕРИМОВА, Долбоор тараптан сынактын координатору.

Сынакка Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган 14 жаштан жогору жеке адамдар же жеке адамдардын топтору, кесипкөй сүрөтчүлөр жана дизайнерлер, ошондой эле чыгармачыл студенттер катыша алышкан.

Сүрөт галереясына шилтеме: http://dpi.kg/ky/gallery/full/130.html