Кыргызстандын 47 муниципалитети жергиликтүү СЭӨПтөргө социалдык-гендердик сезимтал чараларды киргизүү жана жакшыртуу боюнча эксперттик кеңештерди алды

15.12.2021 21:41
Бардык суроолор боюнча Долбоордун адиси Сулайманов Абдырахманга кайрылыңыздар: Abdyrakhman.Sulaimanov@helvetas.org
Кыргызстандын 47 муниципалитети жергиликтүү СЭӨПтөргө  социалдык-гендердик сезимтал чараларды киргизүү жана жакшыртуу боюнча эксперттик кеңештерди алды

2021-жылдын 10- жана 14-декабрында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 47 муниципалитетинин өкүлдөрү (Долбоордун 26 аймагы жана КР ЖӨБ Союзунун 21 пилоттук аймагы) үчүн "Жергиликтүү деңгээлде социалдык-гендердик саясатты киргизүү" темасында жыйынтыктоочу регионалдык семинарлар өткөрүлдү.

Бул иш-чарага 100дөн ашуун адам (Жалал - Абадда 51 жана Ысык-Көл облусунда 54), анын ичинде долбоордун командасы, эксперттер, өнөктөш БӨУ жана ЖӨБ союзунун өкүлдөрү катышышты. Бул иш-чаранын башкы максаты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу жана жакшыртуу боюнча муниципалитеттердин өкүлдөрүнө эксперттик колдоо жана рекомендацияларды берүү.

Семинардын жүрүшүндө Долбоордун муниципалитеттери жана ЖӨБ Союзунун 21 пилоттук муниципалитеттери менен иштеген БӨУ  өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар төмөнкү темаларда презентация кылышты. 1) Социалдык жана гендердик аспектилерди эске алуу менен СЭӨПтөрдү иштеп чыгууда жана жакшыртууда кыйынчылыктар, 2)  муниципалитеттер менен иштөө тажрыйбасына таянып, иштелип чыккан жана жакшыртылган СЭӨП мисалдары менен социалдык гендердик иш-чараларды жүзөгө ашырууга кошумча каражаттарды тартуу үчүн долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу. Андан кийин долбоордун эксперттери А. Балакунова жана А. Мусаева көп учурда жасалган каталар, талданган СЭӨПтөрдүн жыйынтыктары жөнүндө кененирээк маалымат беришти, ошондой эле методикалык колдонмо боюнча СЭӨП структурасынын мисалдарын көрсөтүштү. Аны менен бирге, катышуучулардын суроолоргуна жооп берип, бир нече практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.

Семинардын экинчи бөлүгү жаңы мыйзамдагы өзгөрүүлөр жөнүндө, ошондой эле СЭӨП негизинде бюджетти түзүүнүн мааниси жана зарылдыгы жөнүндө болду. Бул тема боюнча ЖӨБ Союзунун өкүлү Д. Айтбаев кеңири баяндап берди. Ал ЖӨБ органдары менен өз ара иштешүүгө багытталган Союздун алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Семинардын аягында катышуучулар Долбоордун билим башкаруу жана гендердик маселелери боюнча адиси Ж. Абдылдаева жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү тармагына социалдык - гендердик сезимтал чараларды ишке киргизүү жөнүндө талкуулап, аялдардын акы төлөнбөгөн ишмердүүлүгү үчүн даярдалган кыска метраждуу тасманы тартуулады.

Мындан сырткары, семинар даярдалган программаларды талкуулоо, ЖӨБ органдары ортосунда бул багыттагы тажрыйба алмашуу жана 2018-жылдагы методикалык колдонмону жөнөкөйлөтүү жана жакшыртуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн талкуу аянтчасы болду.

Сары-Булуң АОнун инвестицияларды тартуу боюнча адиси, Моотбекова Алина өз сөзүндө: "Учурда бул тема абдан актуалдуу. Биз атайын бул семинар үчүн алыскы Тогуз-Торо районунан келдик. СЭӨПны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ жана жергиликтүү калк менен активдүү иштешкенибиз үчүн эксперттердин бул багыттагы ой-пикирин угуу абдан кызыктуу болду. Биз БӨУ уюмдары менен бирге иш алып бардык, бирок, ошентсе да, биз иш-аракеттерибиздин туура же туура эмес экенин биле албай жүрөт элек. Ал эми бүгүн эксперттерден жана долбоордун командасынан так жана жеткиликтүү маалымат алдык. Мындан ары жумуштагы каталарыбызды жакшы түшүнүп, эксперттердин сунуштарын эске алуу менен программаларды кайра карап чыгууга жана иштеп чыгууга даярбыз".

Семинардын аягында катышуучулар эксперттертик сунуштарды алышкандыгы үчүн Долбоорго ыраазычылык билдиришти жана кыска меөнөттө өз программаларын иштеп чыгууга даяр экенин билдиришти.

Бул иш-чара Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу"  долбоору уюштурду.