АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги жана Өнүктүрүү саясат институту "Ийгиликтүү аймак 2" долбоорун ишке киргизүүдө

16.12.2021 17:42
Медиа үчүн байланыш маалыматы: ТУРАР БЕКБОЛОТОВ, USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун Коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: +996 312 976530 (31,32,33,34) /факс: +996 312 976529, e-mail: tbekbolotov@dpi.kg
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги жана Өнүктүрүү саясат институту "Ийгиликтүү аймак 2" долбоорун ишке киргизүүдө

Жаңы долбоор жергиликтүү өнөктөштөрүбүз жактырган USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" добоорунун уландысы болуп эсептелет. Мурунку долбоор тууралуу маалымат: http://dpi.kg/ky/activity/projects/full/0/89.html 

Долбоор Кыргызстандын төрт облусундагы муниципалитеттерге жардам берет (Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустары).

USAIDдин долбоору менен өнөктөш болгон муниципалитеттер суу менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу жана коомдук жайларды, анын ичинде сейил бактарды, спорт жана эс алуу үчүн жайларды уюштуруу сыяктуу негизги муниципалдык кызматтарды натыйжалуу көрсөтүү үчүн башкаруу ыкмаларын жакшыртышат.

Долбоор ЖӨБ органдарынын жоопкерчилигин күчөтүү жана жергиликтүү бюджеттерди көзөмөлдөөдө жарандардын катышуусун жакшыртуу максатында иш алып барат.

Долбоордун алкагында республикалык жана аймактык иш-чараларга катышуу менен муниципалитеттер кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен бөлүшө алышат.

Жаңы долбоорду Өнүктүрүү саясат институту (www.dpi.kg) жергиликтүү жарандык уюмдар менен биргеликте ишке ашырат.

USAID долбоорду ишке ашыруу үчүн 4,9 миллион АКШ долларын грант катарында бөлгөн. Долбоор 2025-жылдын сентябрына чейин иштейт.

Пайдалуу тектеш шилтемелер: