Медиа жана санариптик сабаттуулук: трендби же зарылчылыкпы?

02.12.2021 19:31
ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйба порталында медиа сабаттуулук жана санариптик коопсуздук боюнча онлайн консультация өткөрүлдү.
Медиа жана санариптик сабаттуулук: трендби же зарылчылыкпы?

1 жана 2-декабрда Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйба порталында «Медиа сабаттуулук: кечээ жана бүгүн» ​​онлайн консультациясы болуп өттү. Ага Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышты.

Онлайн консультация төмөнкү шилтемелер боюнча жеткиликтүү:

Консультациянын жүрүшүндө катышуучуларга «медиа ашканасы» (дезинформация, медиа гигиенасы, социалдык медиа жана социалдык тармактардагы этикалык жүрүм-турум кодекси), санариптик коопсуздук, анын ичинде маалыматтарды коргоо, автордук укук жана жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

Онлайн-консультация интерактивдүү форматта, катышуучулардын өздөрү тартылып, ар кандай кырдаалдык суроолорго жооп берип, критикалык ой жүгүртүү көнүгүүлөрү менен өткөрүлдү.

«Биз 2 сессияга: «Медиа ашканасы» жана «Санариптик коопсуздук» деп бөлгөн иш-чарабыздын максаты – интернет мейкиндигинде маалыматты кантип башкаруу, жалган маалыматты чындыктан кантип айырмалоо, эмнени жана кантип жарыялоо, социалдык тармактардагы жеке укуктары жана милдеттери жана интернеттеги маалыматтарды колдонууда өзүңүздү кантип коргоо керектиги боюнча жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү берүү болчу”, - дейт тренер-консультант Айнура Балакунова.

Онлайн консультация 2021-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында Чүй облусунун беш муниципалитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн практикалык тренингдин уландысы болду. Ушундай эле онлайн консультациялар «Өзгөртүү үчүн инновациялар» (# I4C) [1] колдоосу астында Жарандык коомду өнүктүрүү Ассоциациясынын каржылык колдоосу менен «Дезинформацияга туруктуулукту бекемдөө» долбоорунун алкагында улантылат.

__________ 

[1] Долбоордун максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жана жергиликтүү медиа сабаттуу жамааттардын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу аркылуу Интернеттеги так эмес маалыматка каршы стратегияны ишке ашырууга көмөктөшүү.